КР паралимпиадачылары бүгүн түнү Риого учуп кетишет. Делегациянын курамы

© Фото / пресс-служба ГАМФКиССпортсмены Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Арстанбек Базаркулов и состав делегации из КР на Паралимпийских играх
Спортсмены Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев, Арстанбек Базаркулов и состав делегации из КР на Паралимпийских играх - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Паралимпиада 7-18-сентябрда Бразилияда өтөт. Ага Кыргызстандан үч спортчу катышат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандык паралимпиадачылар 2-сентябрда Рио-де-Жанейрого уча турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Рио Олимпиадасындагы Кыргызстандын 19 спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайран каражат: олимпиадалык жолдомого канча акча кетти
Паралимпиадалык оюндарда өлкө намысын Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев (экөө тең пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика) коргойт. Алардан тышкары Кыргызстандык делегациянын курамында Улуттук паралампиадалык комитеттин президенти Бакыт Исаков, пауэрлифтинг боюнча КР курамасынын машыктыруучусу Аднан Жабраилов жана делегациянын жетекчиси Марат Аскарбеков бар.

Паралимпиадалык оюндар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык спорттук мелдеши. Быйыл бул оюн 7-18-сентябрда өтөт. Жалпысынан спорттун 22 түрү боюнча 528 комплект медаль ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0