Таластын улакчылары көк бөрү боюнча президенттин кубогун илип кетти

© пресс-служба федерации по кок-боруТаластын улакчылары. Архив
Таластын улакчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтүп, финалдык беттеште Талас менен Оштун командалары таймашты.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдештин финалында Таластын командасы жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болду.

Эскерте кетсек, аталган дубандын улакчылары Оштун "Достук" командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды.

Кыргызстан курама командасынын футболчулары Казакстан командасы менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Кыргызстан футболчуларынын жеңишине кубанды
Үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Чүйдүн "Сары Өзөн" менен "Арашан" командалары беттешип, сары-өзөндүктөр коло байгеге ээ болду.

Мында 1-орун алгандар 1 000 000 сом, экинчиге татыгандар 500 миң, ал эми үчүнчү орунду алгандар 250 миң сом менен сыйланышты.

Көк бөрү боюнча турнир Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтөт.

Белгилейт кетсек, былтыркы башкы байгеге да Таластын командасы ээ болгон.

Кыргызстандын булуң-бурчу эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын кантип белгиленгенин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0