Кыргызстандык балбан Францияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду

Жазылуу
Ал финалдык беттеште немис балбаны менен күч сынашкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов Францияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш федерациясынын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, ал юниорлор арасында 60 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Сулайманов финалдык беттеште немис балбаны Эттьен Кинсингер менен чыгып, аны 2:1 эсебинде утуп алган. 

Мелдеш Франциянын Макон шаарында өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0