Кыргызстан — Казакстан футбол оюну аза мүнөтүнөн башталат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчу. Архив
Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз футболчулары оюн талаасына аза лентасын байланып чыгышат. Оюн аза мүнөтүнөн кийин башталат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан менен Казакстан командаларынын беттеши адам өмүрүн алган өрттөн улам аза мүнөтү менен башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Футбол федерациясы билдирди.

Каза болгондордун тизмеси жазылган жерге шаардыктар келип гүл коюшууда - Sputnik Кыргызстан
"…биз силерди сактай албай калдык" Бишкекте Москвада каза болгондор эскерилүүдө
Эскерте кетсек, Алтуфьевск шоссесинин аймагындагы басмакананын кампасында өрт чыгып, андан Кыргызстандын 14 жараны каза болду. Көз жумгандардын баары кыз-келиндер экени маалымдалды. Кырсыктан жабыркаган дагы үч киши оор абалда ооруканада жатат. 

Федерациянын айтымында, кыргыз футболчулары оюн талаасына аза лентасын байланып чыгышат. Матч аза мүнөтүнөн кийин башталат.

Белгилей кетсек, жолдоштук беттешүү Дөлөн Өмүразаков атындагы стадиондо саат 20.00гө белгиленген. 

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0