Өлкөдө мугалимдер спортту жайылтуу боюнча атайын окуудан өттү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМектеп мугалими. Архив
Мектеп мугалими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда иштеп жаткан FIFA уюмунун ден соолук боюнча долбоору өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. FIFA уюмунун ден соолук боюнча долбоорунун алкагында Футбол федерациясы дене тарбия сабагынын мугалимдерин спортту жайылтуу боюнча атайын окуудан өткөрдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигини маалымат кызматы.

Бул жумада мектептердин дене тарбия сабагынын мугалимдери ден соолук, спорт маселесин алга жылдыруу боюнча билимдерин өркүндөттү.

"Атайын үйрөтүүчү курстарда негизги көңүл чоңоюп келе жаткан муундар арасында сергек жашоо образын алга жылдырууга, ага үгүттөөгө бурулду. Мектептерде командалык спорт, футболду жайылтуу талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда иштеп жаткан FIFA уюмунун ден соолук боюнча долбоору өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт. Азырынча аталган программа Бишкектин мектептери үчүн иштелип чыкса, кийинчерээк бүтүндөй өлкөгө жайылтуу пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0