Олимпиада жыйынтыгы менен КРдеги федерация башчылары, машыктыруучулар бошотулат

© REUTERS / Toru Hanai Олимпиада 2016. Дзюдо. Мужчины. Весовая категория выше 100 кг
Олимпиада 2016. Дзюдо. Мужчины. Весовая категория выше 100 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рио шаарында болгон жайкы олимиадалык оюндарга Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 19 спортчу аттанган. Бирок алар медаль ала алган жок.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бразилияда өткөн XXXI жайкы Олимпиада оюндарынын жыйынтыгы менен катуу чаралар көрүлүп, ал тургай кызматтан бошотуулар болушу мүмкүн. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик агенттик менен Улуттук Олимпиада комитети спортчулар үчүн Оюндарга даярданууга бардык шарттарды түзүп берген. 

"Биз Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий (дзюдо), Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы күрөш) жана Магомед Мусаевге (эркин күрөш) басым жасаганбыз. Булар алдыңкы делген спортчуларыбыздан болчу, алар чынында эле медаль алып келе алышмак. Калгандары өздөрүнүн деңгээлинде же андан начар оюн көрсөтүштү",— деди Аманкулов.

Анын айтымында, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан кийин аталган агенттиктин коллегиялык жыйыны өтөт. 

Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды
"Спорттук федерациялар менен машыктыруучуларга доомат бар. Алар спортчуларды даярдоо боюнча тиешелүү милдеттенмелерин аткара алган жок. Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар катуу чараларды көрөбүз, айрым башкы машыктыруучулар кызматынан кетет, балким бир нече федерация жетекчилери да бошотулат. Өздөрүнүн дымагы үчүн майлуу жерлерде отура берген болбойт",— деди Аманкулов.

Рио шаарында болгон жайкы олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 19 спортчу аттанган. 

Кыргызстанга бул оюндарда оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль алып келген, бирок аны Спорттук арбитраждык сот стрихнин каражатын колдонгон деген кине менен байгесинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0