Роналду өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Европанын мыкты футболчусу аталды

© AFP / VALERY HACHEПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнчу Испаниянын биринчилигинде 36 беттеште ойноп, 35 гол жаратса, Чемпиондор Лигасында 12 беттеште 16 гол, Евро-2016да жети оюнда үч гол киргизген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2015-2016 сезонунун жыйынтыгы боюнча Европанын мыкты оюнчусу наамын алды. Бул тууралуу UEFAнын расмий сайты кабарлайт. 

Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Финал. Матч Португалия - Франция - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: Роналдунун көз жашы, терисине батпай сүйүнүп жана күйүнгөн күйөрмандар
Бул наамга үч футболчу ат салышкан. Алар Криштиану Роналду, Гарет Бейл жана Антуан Гризман. 

UEFAнын 55 улуттук ассоциациясынын спорттук журналисттеринин 40 добушун Роналду, сегизин Гризман, ал эми жети добушту Бейл алган. 

Роналду өткөн сезондо "Реал Мадрид" клубу менен Чемпиондор Лигасын утуп алса, Португалиянын курамында Евро-2016ны багындырган. 

Ал эми Испаниянын биринчилигинде 36 беттеште ойноп, 35 гол жаратса, Чемпиондор Лигасынды 12 беттеште 16 гол, Евро-2016да жети оюнда үч гол киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0