Футбол боюнча КР курама командасынын бир оюнчусу башка клубга кетерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт. Архив
Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук курама команданын жарым коргоочусу башка клуб тапканын айтып, мурунку түзгөн келишимди бузду.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт "Редингхаузен” клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, оюнчу Германиянын "Energie Cottbus" клубу менен түзгөн келишимин бузган. Буга футболчунун жеке жагдайлары себеп болгону айтылган. 

Бернхардтын жаңы кирген клубу Түндүк Регионалдык Лигасында чыгат. 

"Эдгар — тажрыйбалуу, ишенимдүү оюнчу. Ал жаңы сезондо биздин командада ойной турганына абдан кубанычтабыз", — деп клубдун өкүлү билдирди. 

30-августта Бишкекте Кыргызстан менен Казакстан ортосунда жолдоштук беттеш өтмөкчү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0