Рио-2016: бири-бирин жөлөп келген жөө күлүктөр өзгөчө медаль менен сыйланды

© REUTERS / Kai PfaffenbachЖаңы зеландиялык Никки Хамблин менен АКШлык жөө күлүк Эбби Д'Агостинон олимпиада оюндарында
Жаңы зеландиялык Никки Хамблин менен АКШлык жөө күлүк Эбби Д'Агостинон олимпиада оюндарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында эки спортчу марага биринчи баруудан мурда бири-бирине жардамга кол сунган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Эл аралык олимпиадалык комитет жаңы зеландиялык Никки Хамблин менен АКШлык жөө күлүк Эбби Д'Агостинону Пьер де Кубертендин медалы менен сыйлады. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Эске сала кетсек, жөө күлүктөр топ болуп чуркап келе жатканда жаңы зеландиялык спортчу Никки Хамблин жыгылып кеткен… Артынан келе жаткан америкалык спортчу Эбби Д'Агостино ага чалынып кулаган.

​​Анткен менен ыкчамдык менен тура калган Эбби Д'Агостино чуркап кетпей, жатып калган спортчуга жардамга келген. Экөөсү туруп жарышка түшөр замат Эбби Д'Агостино кайра кулаган. Анткени спортчу биринчи жолу кулаганда бутун кокустатып алганы белгилүү болгон. Ошол замат ага жаңы зеландиялык спортчу кол сунган. Ошентип эки спортчу бири-бирин жөлөп-таяп, марага эң акыркылардан болуп келишкен. 

Риодогу Олимпиада оту - Sputnik Кыргызстан
Риодо Олимпиада оту өчтү
Бул көрүнүштү кызыгуу менен байкап турган калыстар акыркы келген эки спортчуга тең финалдык жарышка чыгууга укук берген.

Ал эми америкалык спортчу финалга жаракатынан улам чуркоого катыша албай калса, жаңы зеландиялык Никки Хамблин акыркы болуп келген. 

Бул кадамдары үчүн спортчулар өзгөчө медаль менен сыйланышты. Аталган медаль тарыхта 17 гана жолу берилген. 

Пьер де Кубертендин медалы спорттук дух үчүн берилүүчү сыйлык болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0