БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүгүн Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндардын акыркы күнү. Чуркоо марафону боюнча жарышка Кыргызстандын атынан Илья Тяпкин катышат.
Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын атынан 19 спортчу жөнөп кеткен. Алардын экөө таймашка бүгүн чыгат.
Sputnik Кыргызстан Илья Тяпкин тууралуу беш фактыны сунуштайт.
Кара-Балтада туулган. Илья Тяпкин Кара-Балта шаарында 1991-жылдын 2-августунда төрөлгөн.
18 жашында марафончу болгон.
Эки диплому бар. Дене тарбия институту менен Мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.
Өтүнүч менен өткөн. Прагада өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу үчүн 19 секунд жетпей калган. Бирок Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитети менен Жеңил атлетика боюнча федерациясы Эл аралык жеңил атлетика федерациясына кайрылуу жасап, өтүнүч жолдогондон кийин ага лицензия ыйгарылган.