Рио-2016: бүгүн беттешке чыкчу Магомед Мусаев тууралуу 5 факты

© AFP / JUNG YEON-JEРиодогу Олимпиада оюндарында бүгүн Кыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев
Риодогу Олимпиада оюндарында бүгүн Кыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз спортчусу Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да килемге чыгат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Риодогу Олимпиада оюндарында бүгүн Кыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев чейрек финалдагы беттешин монголиялык Доржханд Худербугла менен өткөрөт

Кыргыз спортчусу Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да килемге чыгат. 97 килограмм салмактык категорияда күрөшө турган балбан Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын үмүтү болуп турат. 

© Фото / пресс-служба ГАФКиСБорец из Кыргызстана Магомед Мусаев
Борец из Кыргызстана Магомед Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Борец из Кыргызстана Магомед Мусаев

Sputnik Кыргызстан Магомед Мусаев тууралуу 5 фактыны сунуштайт. 

27 жаштагы балбан 11-мартта Казакстандын Алматы шаарында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин ата-энеси менен Россияга көчүп кеткен. Учурда спортчунун ата-энеси Ингушетиянын Махачкала шаарында жашайт. 

Кыргызстандын делегациясы Рио олимпиадасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Риодогу олимпиаданын жабылышында КР туусун Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт
Мусаев алгач Москва шаарында грек-рим күрөшү боюнча чоң спортко кадам таштап, айтылуу ЦСКА спорт клубунда машыккан. Ингушетияга ата-энеси менен көчүп баргандан кийин эркин күрөшкө өтүп кеткен. 

Спортчу эркин күрөш боюнча Азия чемпиону жана вице-чемпиону, Азия оюндарынын бир жолку күмүш байгесинин ээси. Эл аралык турнирлеринин көп жолку жеңүүчүсү.

2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионтында Эркин күрөш федерациясынын президенти, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаевдин сунушу менен Россиядан Кыргызстанга көчүп келген. Спортчу кыргыз жарандыгына ээ болгон. Учурда эл аралык спорт чебери болуп эсептелет. 

2016-жылы Астана шаарында өткөн Азиянын олимпиадалык лицензиялык турниринде жеңишке жетип, Рио-де-Жанейрого жолдомо алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0