Рио-2016: КРдин акыркы үмүтү Мусаев чейрек финалда монгол спортчусу менен кармашат

© AP Photo / Paul SancyaКыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев. Архив
Кыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин күрөш боюнча күч сынашуу Бишкек убактысы боюнча кечки саат 17:30дан өткөндө башталат.

Бишкек, 21-авг. — Sputnik. Риодогу Олимпиада оюндарында бүгүн Кыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев эркин күрөш боюнча таймашка чыгып, анын атаандашы Азия оюндарынын коло байге ээси, монголиялык Доржханд Худербугла болмокчу. Бул тууралуу Риодон спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Кыргызстандын делегациясы Рио олимпиадасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Риодогу олимпиаданын жабылышында КР туусун Айсулуу Тыныбекова көтөрүп өтөт
Эркин күрөш боюнча күч сынашуу Бишкек убактысы боюнча кечки саат 17:30дан өткөндө башталат. 

97 килоргаммдык салмак категориясындагы 1/8 финалда эркектер арасында 2012-жылдын эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Магомед Мусаевдин алгачкы атаандашы 2014-жылдын Азия чемпиону, Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарынын коло байге ээси, монголиялык Доржханд Худербугла болору аныкталды.

"Беттеш алдында маанайым жарык, даярдыгым жакшы", — билдирген Мусаев.

Адистер бул күч сынашуунун курч мүнөздө өтөрүн айтышкан.

"Бул беттеш курч маанайда өтөөрү айтылууда.Оңдой берди болуп, Мусаев 1/8 финалда монголиялык атаандашын жеңип алса, чейрек финалда Европа чемпиону, орусиялык Анзор Болтукев же украиналык балбан менен күч сынашат ", — деп билдирди Макешов Риодон.

Магомед Мусаев — Кыргызстандын командасынын акыркы үмүтү болуп турат. Буга чейин Кыргызстандык 16 спортчунун бири да байгеге жеткен жок, ал эми коло медаль алып келген оор атлетчи Иззат Артыковду кызымта колдонду деген кине менен Спорттук арбитраждык сот медалынан кайра ажыратып койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0