Рио-2016: бүгүн беттешке чыкчу Айаал Лазарев тууралуу 5 факты

© Фото / из личного архива Айаала ЛазареваАйаал Лазарев. Архив
Айаал Лазарев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз спортчусу Бишкек убактысы боюнча саат 19:48де килемге чыгат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бүгүн Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айаал Лазарев биринчи беттешин польшалык Роберт Баран менен өткөрөт.

Кыргыз спортчусу Бишкек убактысы боюнча 19:48де килемге чыгат. 125 килограмм салмактык категорияда күрөшө турган балбандын атаандашы польшалык Роберт Баран болот.

Sputnik Кыргызстан Айаал Лазарев тууралуу 5 фактыны сунуштайт. 

30 жаштагы балбан өмүрүнүн жарымын спортко арнаган. Ал 19 жылдан бери эркин күрөш менен машыгып келет. 11 жашында чоң спортко атасы жетелеп келген.

Доха шаарында өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль тагынган.

2015-жылы спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча Кыргызстандын мыкты спортчусу аталган.

Лазарев күрөштөн сырткары Якутиядагы "Стерх" камсыздандыруучу компаниясында эмгектенет.

Быйыл Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде жарым финалда жеңишке жетип, коло байгелүү болгон. Бирок Риого жолдомо албай, бармак тиштеп калган. Кийин атаандашы допинг менен кармалып, Айаалдын Рио олимпиадасына жолу ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0