03:56 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Риодогу Олимпиадада коло медаль тагынган Иззат Артыков (24)
474411

Кыргызстандан Олимпиада оюндарында жападан жалгыз медаль алган оор атлетчинин допинг текшерүүсү оң натыйжа берген.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Спорттук арбитраждык сот (CAS) кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиадалык оюндарда ээ болгон коло медалынан ажыратты. Бул тууралуу соттун расмий сайтына жайгаштырылган.

Спортчу 69 килограммдык салмакка чейинки категорияда коло медалга татыган. Бул кыргызстандык команданын жетишкен жалгыз ийгилиги болчу.

CAS Артыковдун допинг текшерүүсүнөн оң жыйынтык бергени үчүн медалдан ажыратылып жатканын түшүндүрдү.

Учурда Иззат Артыков соттун чечимине эч кандай комментарий бере элек. Допинг текшерүү тыюу салынган стрихнин каражаты бар экенин аныктап чыккан.

Артыковду медалдан ажыраткан стрихнин каражаты тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз>>

Тема:
Риодогу Олимпиадада коло медаль тагынган Иззат Артыков (24)

Тема боюнча

Иззат Артыков медаль тагып жатканда эмне үчүн көзүнө жаш алганын айтты
Иззат Артыковду күйөрмандары Бишкектен кучак жайып тосуп алышты
Иззат Артыков француз балбандын дооматын ич күйдүлүк деп атады
Белгилер:
допинг, медаль, текшерүү, Олимпиадалык оюндар, Иззат Артыков

ЭҢ МААНИЛҮҮ