Рио-2016: бүгүн күч сынашчу Айсулуу Тыныбекова тууралуу 5 факты

© AFP / JUNG YEON-JEБалбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Архив
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиаданын алдында Американын Gracenote аналитикалык компаниясы Тыныбекова коло медалга ээ болорун божомолдогон.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бүгүн кыргыз элинин үмүтү, балбан кыз Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. 

Захваты и броски: видео схваток Тыныбековой и ее соперниц по Олимпиаде - Sputnik Кыргызстан
Кыл чайнашкан кармаштар: Айсулуу Тыныбекова менен беттеше турган балбандар видеодо
58 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышчу спортчу Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү бразилиялык балбан менен күч сынашмай болду. Олимпиаданын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Тыныбекова менен Сильванын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 20.12де өтөт. 

Назарыңыздарга Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу 5 фактыны сунуштайбыз. 

1. 23 жаштагы Айсулуу 2014-2015-жылдары Кыргызстандын мыкты спортчусу наамын жеңип алган. Учурда Азия чемпиону.

© AFP / JUNG YEON-JEЧемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова
Чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова

2. Эркин күрөш менен кокустан эле машыгып калган. Эч даярдыгы жок 10-класстагы кыз Нарындагы турнирге барып калат. Ага карабастан Айсулуу мелдештин финалдык бөлүгүнө чейин жеткен. 

3. 19 жашында Лондондогу жайкы Олимпиада оюндарына катышкан. 

4. Кесиби боюнча экономист. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин быйыл бүтүргөн. 

5. Америкалык Gracenote аналитикалык компаниянын божомолу боюнча Айсулуу Тынбекова өлкө үчүн коло медаль алып келет. Аталган компания бул пикирди спортчунун акыркы төрт жыл ичиндеги күрөшкөндөрүн анализдеп чыгарган. 

Өлкө тарыхында эркин күрөштөн олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы карлыгач Айсулуу Тыныбекованын интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0