Рио-2016: Айсулуу Тыныбекованын атаандашы белгилүү болду

© © SputnikОлимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуга 1/8 финалда 2015-жылы өткөн Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү атаандаш болот.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова бразилиялык Жойс Сильва менен күрөшөт.

Алжирлик балбан Тарке Азиз Бенайсса жана азербайжандык балбан Расул Абакар оглы Чунаев - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Руслан Царев да Олимпиададан куру кол кайтмай болду
Кыргызстандык делегациянын маалымат катчысы Кабыл Макешовдун айтымында, 58 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышчу спортчулар шейшемби күнү таразага түшкөн. Андан соң чучу кулактын негизинде 1/8 финалда күч сынаша турган жуптар аныкталган. Тыныбекова Панамерикалык оюндардын байге ээси бразилиялык спортчу менен килемге чыкмай болду. Олимпиаданын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Тыныбекова менен Сильванын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 20.12де өтөт. 

Айсулуу Тыныбекова — Азиянын учурдагы чемпиону, Лондон Олимпиадасынын катышуучусу, спорттун эл аралык класстагы чебери. Олимпиаданын алдында Американын Gracenote аналитикалык компаниясы Тыныбекова коло медалга ээ болорун божомолдогон.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын Рио Олимпиадасындагы жашоосу тууралуу жаңылыктар менен "РИО-2016" атайын долбоорунан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0