Кыргыз футболчулары казакстандык атаандаштары менен беттеш алдында соот кийишти

© Фото / пресс-служба ФФКРЗащитник сборной Кыргызстана по футболу Виктор Майер в воинских доспехах
Защитник сборной Кыргызстана по футболу Виктор Майер в воинских доспехах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын курама командасы менен оюн Бишкек шаарында болот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстан — Казакстан оюнун жайылтуу үчүн кыргыз футболчулары соотторду кийип сүрөткө тартылышты. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолдоштук беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 30-августта өтөт. Билеттер 18-августтан тарта сатыла баштайт. 

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын курама командасынын футболчуасу Девид Тетте
Подготовка к мачту Кыргызстан — Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курама командасынын футболчуасу Девид Тетте

Маалымат кызматынан кабарлаганына караганда, улуттук курама команданын оюнчуларын жоокердин келбетине айландыруу боюнча ниет мурдатан бери эле келе жаткан.

"2016-жылдын Кыргызстанда тарых жана маалымат жылы деп жарыяланышы буга кошумча болду. Бул идеяны мындан эки ай мурда ишке ашырдык",— деди айтышты маалымат кызматынан.

Алардын маалыматында, ар бир футболчу менен машыктыруучунун сүрөтү өз өзүнчө тартылып, аягында жалпы команданын сүрөтү жайгаштырылган.

Футбол боюнча Кыргызстан — Казакстан беттешинин проморолигин Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0