Буттан чалып, баштан ары ыргытуу: Царев жана анын атаандаштарынын чеберчилиги

Жазылуу
Бүгүн Олимпиада айылында грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмакка чейинки балбандар күч сынашып, байгеге ат салышат. 19 спортчунун арасында Кыргызстандан Руслан Царев бар. Бириккен күрөш дүйнөсү балбандардын буга чейинки эң мыкты күрөшкөн учурлары чагылдырылган видео жарыялады.

Биздин спортчу 1/8 финалдан тарта катыша баштайт. Биринчи беттеште Царевго каршы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса чыгат.

Бириккен күрөш дүйнөсү жарыялаган роликтен жогорудагы салмактык категориядагы балбандардын килем үстүндөгү чеберчиликтерин көрүүгө болот.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0