Спортчу Рамонов КРге Олимпиададан куру кол кайта турган болду

© Фото / Кабыл МакешовБорец-тяжеловес греко-римского стиля из Кыргызстана Мурат Рамонов во время схватки с соперником из России Сергеем Семеновым
Борец-тяжеловес греко-римского стиля из Кыргызстана Мурат Рамонов во время схватки с соперником из России Сергеем Семеновым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын квалификациялык раунддагы атаандашы финалга чыкса, кыргызстандык балбандын коло медалга алууга мүмкүнчүлүгү жаралмак.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Мурат Рамонов (130 кг. салмакка чейин) Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында коло медаль алуу укугунан ажырады.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадада Жанар Кенжеев коло медалга жетпей калды
Буга чейинки квалификациялык раундда ал россиялык атаандашынаСергей Семеновго жеңилип калган. Эгерде россиялык балбан финалга чыкса, анын коло медаль үчүн таймашка мүмкүнчүлүгү жаралмак. Бирок, жарым финалда кубалык спортчу, эки жолку олимпиадалык чемпион Михаин Лопес россиялык Семеновду 3:0 эсебинде утуп алды.

Ошентип, Рамонов коло медаль үчүн таймашка чыкпай калып, Кыргызстанга кур кол кайта турган болду.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0