11:38 16 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Олимпиада 2016. Марафон. Женщины

Рио-2016: кыргызстандык жөө күлүктөр алдыңкы жүз спортчунун катарына кирди

© REUTERS / DYLAN MARTINEZ
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
163 0 0

Кыргызстандыктардан акыркы болуп 2 саат 47 мүнөт 53 секундда Мария Коробицкая келди.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык үч жөө күлүк — Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана Виктория Полюдина жекшемби күнү олимпиадалык марафондо чуркап, алдыңкы жүз спортчунун катарына кирди.

Андреева марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундда келип, 59-орунду ээледи. Ал эми кийинки күлүк Виктория Полюдина 2 саат 41 мүнөт 37 секунд менен 62-орунга ээ болду. Кыргызстандыктардан акыркы болуп 2 саат 47 мүнөт 53 секундда Мария Коробицкая келди.

Бул аралыктагы алтын медалды марага 2 саат 24 мүнөт 4 секундда келген кениялык Жемина Сумсон алды. Күмүш медаль бахрейндик Юнис Кирвеге буюрду (2 саат 24 мүнөт 13 секунд). Ал эми болгону 7 секундга артта калып, үчүнчү орунга эфиопиялык Маре Дибаба ээ болду.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)

Тема боюнча

Рио-2016: балбан Арсен Эралиев учурдагы дүйнө чемпионуна утулуп калды
Рио 2016: бүгүн күч сынашчу кыргызстандык жөө күлүктөр тууралуу 5 факты
Экс-министр Мелис Турганбаев балбандарды колдоо үчүн Риого барды
Белгилер:
марафон, жөө күлүк, Олимпиадалык оюндар

ЭҢ МААНИЛҮҮ