Олимпиада оюндарында 23 ирет чемпион аталган Майкл Фелпс карьерасын жыйынтыктады

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүОлимпиада оюндарында 23 ирет чемпион аталган Майкл Фелпс
Олимпиада оюндарында 23 ирет чемпион аталган Майкл Фелпс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Олимпиада оюндарында 23 ирет алтын уткан жалгыз спортчу катары тарыхта жазылып калды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Олимпиада оюндарында 23 ирет чемпион аталган Майкл Фелпс карьерасына чекит койгондугун Р-Спорт агенттиги билдирди. 

Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында ишемби күнү 23-ирет алтын тагынган сууда сүзүүчү Майкл Фелпс акыркы ирет жарышка чыкканын, ушуну менен карьерасына чекит койгондугун айтты. 

"Мен күчтүү спортчулар менен бир катарга туруп алтын, алтын медаль тагынып карьерамды жыйынтыктап жатканыма кубанып турам. Кыялдарымдын баары орундалды", — деди Фелпс. 

АКШнын желеги астында Олимпиадага чыккан спортчу жалпысынан 28 медаль уткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0