Франциялык балбан Кингу Матам Иззат Артыковдун Риодо алган жеңишинен күмөн санаган

© AFP / GOH Chai Hin Рио Олимпиадасында жетинчи орунду алган франциялык оор атлетчи Бернардин Кингу Матам
Рио Олимпиадасында жетинчи орунду алган франциялык оор атлетчи Бернардин Кингу Матам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бернардин Кингу Матам 320 килограмм салмакты көтөрүп, жетинчи орунду алган. Ал эми Иззат Артыков 339 килограммды көтөргөн.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Рио Олимпиадасында жетинчи орунду алган франциялык оор атлетчи Бернардин Кингу Матам алдыңкы беш орунду ээлеген балбандардын жеңишинен шек санай турганын Еurope1 маалымат сайты жазып чыкты.

"Эгер эл аралык федерация менен эл аралык олимпиада комитети барын туура жасаса, мен төрт тепкич жогору көтөрүлө алам. Анткени алдыңкы беш орунду алгандардан шек санайм. Азыр допинг көзөмөлдүн жыйынтыктарын күтүп жатам", — деп анын айтканын Еurope1 жазып чыкты.

Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас из Рио - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадачылар кайтып келишти. Иззат Артыковду тосуп алгандагы ирмемдер
Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында коло медалга ээ болгон. Ал жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты багындырган. Жалпысынан ал 339 килограммды көтөргөн.

Алтынды кытайлык Ши Чжиюн (352 кг.) алса, күмүш медалды түркиялык балбан Данияр Исмаилов (351 кг.) алган. Төртүнчү орунду колумбиялык Луис Лосано алса, бешинчиге мексикалык Бредни Мендоза татыган.

Оюндун жыйынтыгы менен франциялык балбан 320 килограммды көтөрүп, жетинчи орунга.

Жаңылыктар түрмөгү
0