Кыргызстандын футболчулары казактардын таш-талканын чыгарды

© Фото / ФФКРКыргызстандын жаш футболчулары (17 жашка чейинкилер). Архив
Кыргызстандын жаш футболчулары (17 жашка чейинкилер). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсепти биринчи болуп кыргызстандык чабуулчу Гулжигит Бөрүбаев ачууга жетишти.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары (17 жашка чейинкилер) Казакстандын "Крузейро" клубунун таш талканын чыгарды. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Аталган беттеш казак президентинин кубогунун алкагында өткөн. 

Гулжигит Бөрүбаевдин таамай соккусу эсепти ачып, биринчи тайм 1:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына чечилди. 

Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас из Рио - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадачылар кайтып келишти. Иззат Артыковду тосуп алгандагы ирмемдер
Ал эми экинчи таймда Алыкулов, Бөрүбаев жана Шыгайбиевдер казак дарбазачысынын шайын кетирип турду. Аңгыча эле казак коргоочусу жаза кетип, кыргыздар пенальти тебүү укугуна ээ болушту. Алыкулов алакандагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, дарбазачынын демин суутту. 

Тагдыр ташы кыргыз оюнчуларына ооп, Орозбеков эки голду өз ысымына жазса, Орозбеков да өзгөчөлөнгөнгө үлгүрдү. 

Эсеп 5:0. Ошентип кыргыздар казактарды жүн сабагандай сабашты. 

Учурда улуттук курама бешинчи орун үчүн Азербайжан менен беттешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0