Россиянын футбол боюнча курама тобуна жаңы машыктыруучу дайындалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМашыктыруучу Станислав Черчесов. Архив
Машыктыруучу Станислав Черчесов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин топту Леонид Слуцкий машыктырып келген. Анын кол алдындагы курама топ Европа чемпионатындагы оюндарда акыркы орунду ээлеп, турнирдик плей-оффко чыкпай калган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россиянын футбол боюнча курама тобунун башкы машыктыруучусу болуп Станислав Черчесов дайындалды. Бул тууралуу РИА Новости улуттук топтун Twitter тармагындагы расмий баракчасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Буга чейинки машыктыруучу Леонид Слуцкий өз ордун расмий түрдө июнь айында бошоткон. Ал жетектеген курама топ 2016-жылы өткөн Европа чемпионатында тайпалык этапта бир гана упайга ээ болгон.

"Станислав Черчесов Россиянын улуттук курама тобунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта. 

Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак футболчуларынын беттешине билеттин баасы 500 сомго чейин болот
Черчесов өткөн сезондо польшалык "Легия" клубун жетектеп, чемпиондук титулга жетишкен. Сезондун аякташы менен ал өз ордун бошоткон. Июль айынын ортосунда Р-Спорт агенттиги ишенимдүү булактарынын бирине таянып "Спартак" менен "Динамонун" мурдагы машыктыруучусу Черчесов Россиянын улуттук курама тобун жетектей турганын жазып чыккан. 

Машыктыруучулук орунга мындан башка Курбан Бердыев, Александр Бородюк жана Сергей Семак талапкер болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0