Рио-2016: КР спортчуларынан эми Иззат Артыков мелдешке чыгат

© Фото / из личного архива Иззата Артыкова2016 Олимпияда оюндарынын катышуучусу, оор атлетчи Изаат Артыков. Архив
2016 Олимпияда оюндарынын катышуучусу, оор атлетчи Изаат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-августка караган түнү Бишкек убактысы менен таңкы саат 4.00дө кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков күч сынашат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Спорттук баяндамачы Кабыл Макешов үмүт артып турган оор атлетчи Иззат Артыков жана анын машыктыруучулары менен маектешкен. 

Рио-де-Жанейродогу ачылыш аземинде Кыргызстандык спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстан канча медалга үмүт кыла алат?
7-августта Рио шаарына атайын спортчуга колдоо көрсөтүп, сүрөөнгө алуу үчүн Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти, КР спортуна эмгек сиңирген чебер Улан Молдодосов келди. 

Ал аталган спортчу Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатынан келгенден кийин биринчи машыгуу-даярдыкты Бишкек шаарында өткөргөнүн, жалгыз жолдомо Оор атлетика федерациясы тарабынан Артыковго берилгенин белгилеп өттү. 

"Иззат Ысык-Көлдүн Кажы-Сайында даярдыктан өттү. Риодо дагы жөн жата бербей, аба-ырайынын шартына көнүп, бул жерде дагы күнүнө эки маал машыгуу өткөрүп жатат. Жыйынтыгы кандай болорун алдыдагы күч сынашуулар көрсөтөт", — деди ал. 

Ал эми Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн башкы устаты Үсөнкан Майназаров Артыковго ишеним күч экенине токтолду.

Сууда сүзүүчү Дарья Таланова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: сууда сүзүүчү Дарья Таланова жарым финалга чыкпай калды
"Артыков жаш болсо дагы тажрыйбалуу, такшалган балбандын бири. Күчтүүлөр "А" тобунда күч сынашат. Иззат ошол мыктылардын сабында турат. Анын негизги атаандаштары мексикалык, колумбиялык, кытайлык, кореялык, түркиялык балбандар болуп саналат. Кимдин жылдызы жанып, байгелүү орундарга жетет, аны алдыдагы таймашуулар аныктайт. Биз колдон келишинче, алыбыздын жетишинче даярдык көрдүк", — деди Майназаров. 

Спортчу ага артылган ишенимди актоого бардык күчүн жумшай турганын айтты.

"Кыргызстандык күйөрмандардын үмүт-тилегин орундатууга бардык күч-кубатымды жумшайм. Эң биринчи Москвада иштеп жүргөн мен үчүн эң кымбат адам — апамды, ушундай даражага жеткирген устаттарымды, кыргыз элимди кубанткым келет. Риодо дагы күн сайын эки маал машыгып жатам", — деди атлетчи. 

Эскерте кетсек, Иззат Артыков мелдешке 9-август күнү саат 19.00дө таймашка чыгат. Бул Бишкек убактысы боюнча 10-августка караган түнү таңкы саат 4.00гө туура келет.

Риодогу Олимпиадада улуттук кураманын ар бир спортчусунун чыгар күнү жөнүндө Sputnik Кыргызстан инфографикасынан билиңиз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0