Рио-2016: Кыргызстан канча медалга үмүт кыла алат?

© REUTERS / Stoyan Nenov Рио-де-Жанейродогу ачылыш аземинде Кыргызстандык спортчулар. Архив
Рио-де-Жанейродогу ачылыш аземинде Кыргызстандык спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама тобу медалга жете элек, бирок төрт спортчу жарыштан чыгып калды. Кайсы спортчу Олимпиададан медаль менен кайтышы мүмкүн экенин жана ийиликке жетүүдө кыргызстандыктар кайсы жагынан аксап калышканы туурасында Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 5-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Олимпиада оюндары башталды.

Кыргызстандан Олимпиада мелдештерине катышууга 19 спортчу барып, алардын төртөө — Отар Бестаев (дзюдо), Дарья Таланова (сууда сүзүү), оор атлетчи Жаңыл Окоева жана мушкер Эркин Адылбек уулу бүгүнкү күндө таймашын токтотту

Калган 15 спортчу олимпиадалык медалга жетишер же жетише албасын Sputnik Кыргызстан редакциясы аныктап көрүүнү чечти.

Тарыхты барактай…

Олимпиадалык байгени багындырган кыргызстандыктар
Кыргызстандыктар СССРдин курамында да, көз карандысыз жылдары да Олимпиада байгелерине ээ болушкан. Совет доорунда баарынан көп аты чыкканы оор атлетчи Каныбек Осмоналиев эле. Ал Москва-80 Олимпиадасында "алтын" утуп алган. Көз карандысыздык жылдары кыргызстандыктар үч олимпиада медалына татышкан. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарынан дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль менен кайткан. Жети жылдан соң Пекин шаарында грек-рим күрөшү боюнча чебер Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медалдарын утуп алган эле. 

Букмекерлер менен серепчилердин божомолу

Букмекерлер мушкер Эркин Адылбек уулунун гана медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар деп баалашкан. Бирок ал оюндан чыгып калгандан кийин спортчулардын бири да жеңишке жетише албайт дешүүдө. 

© REUTERS / Peter CziborraОлимпиада-2016. Бокс. Мужчины. Предварительный раунд. Категория — до 81 кг
Олимпиада-2016. Бокс. Мужчины. Предварительный раунд. Категория — до 81 кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2016. Бокс. Мужчины. Предварительный раунд. Категория — до 81 кг

Америкалык Gracenote компаниясынын серепчилеринин алдын ала божомолунда биздикилер жалгыз гана коло медалга татып, аны Айсулуу Тыныбекова (аялдар арасындагы күрөш) алат. 

© © SputnikУчастница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова
Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова

Бирок эксперттердин пикиринде өлкөнүн олимпиадалык келечеги анча кооптуу эмес. 

Колдон чыккан мүмкүнчүлүктөр

Спорт журналисти Бакыт Шүкүралиевдин көз карашында оюндан чыгып калган спортчулардын да жеңишке жетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок чучу кулактан жолдору болбой калган. Мисалы, Отар Бестаев биринчи күрөштө Африканын учурдагы чемпиону Ахмед Абелрахман менен беттешип, аны утуп алган эле. 

© AFP / JACK GUEZ Олимпиада-2016, Рио-де-Жанейро, Бразилия
Олимпиада-2016, Рио-де-Жанейро, Бразилия - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2016, Рио-де-Жанейро, Бразилия

"Бирок экинчи атаандашы — азербайжандык Орхан Сафаров өтө күчтүү болчу. Дүйнөлүк рейтингде экинчи орунду ээлейт, эл аралык таймаштардын жеңүүчүсү. Бестаев алдыда бара жаткан, бирок акырында алдырып койду. Эгер жеңип алганда, чейрек финалда бразилиялык Китадайга каршы чыкмак. Анын даярдыгы өтө начар болуп, Сафаровго карандай эле жеңилип калган эле. Жарым финалда биздин спортчуну дүйнөнүн учурдагы чемпиону Элдос Сметов күтүп турмак. Ал аябай күчтүү, кандай болмок экенин билбейм. Бестаевдин медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу", — деди журналист.

© REUTERS / Stoyan NenovОлимпиада 2016. Тяжелая Атлетика. Женщины. Финал
Олимпиада 2016. Тяжелая Атлетика. Женщины. Финал - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада 2016. Тяжелая Атлетика. Женщины. Финал
Эксперт эсептегендей, спортчулар медаль үчүн күрөшпөсө да, андан ары оюнга катыша албай калышынын башка себептери да болду. Мушкер Эркин Адылбек уулунун тажрыйбасынын аздыгы таасир берди, ал 150дөй күрөштү башынан кечирген, бул анын атаандашы колумбиялык Каррильонукунан үч эсе аз, ошон үчүн латынамерикалыктын жеңиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болду. Жаңыл Окоева болсо Олимпиадага барарын оюн алдында гана билген, даярданганга убактысы жетпей, чала болуп калды. 

Үмүт шамы…

Өлкөнүн тарыхында алгачкы олимпиадалык медаль алып келген Айдын Смагуловдун пикиринде, кыргызстандыктар байгелүү орунга жетише алат. 

"Дзюдочу Юрий Краковецкий жок дегенде "колону" алат. Буга анын ал-күчү келет. Юрий мыкты балбан, акырына чейин кармашат, техникасы жакшы, атаандаштардын алдында коркуу сезими да жок. Калган спортчулардын алдында деле эч кыйынчылык болбойт деп ойлойм. Баары алардын канчалык жолдуу экенине жана техникасына жараша болот", — деп эсептейт олимпиадалык медалдын ээси. 

Шүкүралиевдин айтымында, оор атлет Иззат Артыковдун жана балбандардын, анын ичинде Айсулуу Тыныбекованын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бул кызга, а түгүл, эл аралык серепчилер да ишеним артууда. 

Атлеты сборной Кыргызстана во время парада атлетов и членов национальных делегаций на церемонии открытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро. - Sputnik Кыргызстан
Салам, Олимпиада! Оюндардын ачылыш салтанатынан алынган кадрлар
"Артыковго ушул сезондун рекорду таандык — жалпы суммасы 338 килограмм. Олимпиада ал 345 килограмм көтөрө турганын жарыялаган, анын атаандашы болсо 350 килограмм көтөрмөкчү. Артыков мыктылардын катарына кирет, демек 2-4-орундан үмүт кыла алат. "Грек-римчи" Арсен Эралиев лицензияны Дүйнөлүк чемпионатта алган, башкача айтканда, ал өз салмагы боюнча алдыңкы 5 спортчунун катарына кирет. Өткөн жылдын күзүнөн баштап Эралиевдин даярдык көрүүгө убактысы баарыныкынан көп болду. Бул анын акыркы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири, ал эми жеңишке умтулууга себеби менен күчү жетишерлик", — деп божомолдойт Шүкүралиев.

© Фото / Иззат АртыковОор атлетчи Иззат Артыков
Оор атлетчи Иззат Артыков - Sputnik Кыргызстан
1/4
Оор атлетчи Иззат Артыков
© Фото / United World WrestlingБалбан Руслан Царев
Балбан Руслан Царев - Sputnik Кыргызстан
2/4
Балбан Руслан Царев
© AP Photo / Paul Sancya"Грек-римчи" Арсен Эралиев
Грек-римчи Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
3/4
"Грек-римчи" Арсен Эралиев
© AP Photo / Paul SancyaБалбан Магомед Мусаев
Балбан Магомед Мусаев - Sputnik Кыргызстан
4/4
Балбан Магомед Мусаев
1/4
Оор атлетчи Иззат Артыков
2/4
Балбан Руслан Царев
3/4
"Грек-римчи" Арсен Эралиев
4/4
Балбан Магомед Мусаев

Журналист балбандар Руслан Царев менен Магомед Мусаевдин, ошондой эле Краковецкийдин байгелүү орунга жетүү мүмкүнчүлүгү бар деген ойдо. Акыркысы үчүн чучу кулактын мааниси чоң – биринчи атаандашы "жеңилбес француз Тедди Ринер" болуп калбашы керек. 

"Ошентип биздин спортчулардын "алтынга" жетүү мүмкүнчүлүгү жок — биринчи орунга чыгуу өзүнчө бир керемет болот. Бирок башка медалдарды алганга мүмкүнчүлүктөрү жакшы, болгондо да бул жөн гана сокур ишеним эмес. Биздин үмүт спортчулардын жетишкен натыйжалары жана статистикалык, рейтингдик сандар менен ырасталган", — деп кошумчалайт Шүкүралиев.

Ийгиликтин формуласы

Смагулов ата мекендик спортчуларга "жөн гана толкунданбастан акырына чейин күрөшүүнү" кеңеш кылат.

"Муну жөн гана ички мелдеш деп элестетүү керек. Жоопкерчилик сезимин төмөндөтүп, маанайыңды көтөрүп дегендей", — деди ал.

Риодогу Олимпиадада улуттук кураманын ар бир спортчусунун чыгар күнү жөнүндө Sputnik Кыргызстан инфографикасынан билиңиз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0