Олимпиададагы алгачкы жеңиш: дзюдочу Отар Бестаев кийинки этапка чыкты

© Фото / Нурпери СадырбековаКыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев. Архив
Кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу египеттик атаандашы менен күч сынашып, ийгиликке жетишти.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын алгачкы беттешин жеңип, финалдын 1/8 бөлүгүнө чыкты.

Көрүүчүлөр салюттун фонунда сүрөткө түшүп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада "селфилдегенде". Айсулуу Тыныбекова да элден калбай…
Дзюдо боюнча таймаштын биринчи күнүндө эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын эки комплектиси ойнотулат.

60 килограммдык салмак категориясында күч сынашкан Отар Бестаев египеттик спортчу Ахмед Абелрахманды утуп алды. Эми Бестаевди алдыда азербайжандык спортчу күтүп турат.

Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 19 спортчу коргоп жатат.

Улуттук курама команданын Рио олимпиадасындагы актуалдуу маалыматтары жөнүндө "РИО-2016" Sputnik Кыргызстан рубрикасынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0