Рио-2016: жөө күлүк Виктория Полюдина: жаракат алган сайын жеңиштерге умтулам

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЖеңил атлетика боюнча жарыш. Архив
Жеңил атлетика боюнча жарыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштык жалынын спортко арнап, далай ирет жаракат алса дагы чуркоодон тажабаган Виктория Полюдина табында турган учуру. 27 жаштагы Азия чемпионун Олимпиада оюндардын алдында спорттук баяндамачы Кабыл Макешов кепке тарткан.

— Спортко кадам таштаганда аскага чыгуу менен алектенчү экенсиз?

— Ооба, кызыкчумун. Бий ийримине да катышкам. 12 жашымда машыктыруучу мени жеңил атлетиканын чуркоо түрүнө чакырган. Эки-үч жумадан кийин Бишкек шаарында өтө турган мелдештерге бардым. Мага жеңил атлетикалык жарыштар, мелдештер аябай жакты. "Булардын чаңында калат экенмин" деп ойлондум. Бирок марага озуп келгем. Караколдо өзүмдүн жашыма ылайык топтогу бардык мелдештерде жеңе баштадым. Мектепти бүткөндөн кийин Искак Раззаков атындагы мамлекеттик политехникалык университетке өттүм. Бирок учурда бардык убактымды спортко бөлүп, өз кесибим боюнча иштей элекмин. Чоң спорттон кийин балким кесибим боюнча иштеп калышым да ыктымал. Аны мезгил таразалап, келечек көрсөтөр…

— Мурун сиз беш жана он миң метр аралыктарда жарышып чыккансыз. Күчүңүздү марафондо сынап көрөйүн деген чечимди качан кабыл алдыңыз?

— 42 чакырымдык марафон мени ар дайым кызыктырып келген. Бул үчүн алгач орто аралыктарда чуркап такшалуу керек эле. Машыгуу учурунда ылдамдыкка иштеп, дене бойду көнүктүрдүк. Марафондук узак аралыкка даярданып күч топтодук. 

© Фото / Сагын АильчиевЖаштык жалынын спортко арнап, далай ирет жаракат алса дагы чуркоодон тажабаган Виктория Полюдина
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанская легкоатлетка Виктория Полюдина - Sputnik Кыргызстан
Жаштык жалынын спортко арнап, далай ирет жаракат алса дагы чуркоодон тажабаган Виктория Полюдина

— Соңку жылдары атыңыз угулбай, дайныңыз чыкпай калды…

— 2011-жылдан бери көп ирет жаракат алдым. Бир жаракатты айыктыргандан кийин кайрадан машыгып, белгилүү бир жыйынтык чыгарабыз. Анан кайра эле жараат алып калам. Аны калыбына келтирүү узак убакытты талап кылып жатты. Эң катуу жан кейиткен жаракат 2014-2015-жылдары болгон. Согончогумдун тарамышы жабыркап, дарыгерлер өнөкөт ахиллобурсит" деген диагноз коюшкан.

— Бирок 2015-жылы Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль жеңип албадыңыз беле?

— 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында жаракат алып калдым. Жарыш башталарына бир нече күн калганда өзүмдү жакшы сезип, чуркоого даяр экенимди билдирдим. Андан кийин жарым жыл бутумдун ооруганына карабай чуркап, Кыргызстандын чемпиону аталдым. Марафондо чуркоо үчүн көп күч-кубат, темирдей эрк керек. Бутум ооруганына карабай күн сайын талбай чуркап, чымырканып чыдап, ооруну да жеңем деп көк беттендим.

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: балбандын тукуму Жанарбек Кенжеев спортчулардын укугун коргосом дейт
Ошондой болсо дагы айыгууга, жеңишке жетүүгө үмүтүм үзүлүп бараткан. Бирок 1980-жылкы Москва олимпиадасынын коло байге ээси, даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровду таптаган машыктыруучум Виктор Борисовдун мага болгон ишеними, жакын адамдардын жана бир туугандардын колдоосу, андан сырткары, Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алуу тилегим мени жөө күлүктөрдүн сабында турууга шыктандырды. Спортчунун эрк, кайраты кандай болорун далилдегим келди. Машыктыруучум экөөбүз Москвага барып, спорттук медицина менен алектенген тажрыйбалуу дарыгерге көрүндүк. Ал менин дартымдын себептерин дароо эле талдоого алып, кеп-кеңештерин айтты. Көрсө кеселимдин илимий аталышы жок экен, ошондуктан бул жаракатты узакка чейин айыктыра албай убара болуп келген экенбиз. Анан мануалдык терапия курсунан өтүп, дарыланып, атайын ортопедиялык батек кийип жүрдүм. Ошентип бутум айыга баштады. Былтыр декабрдан баштап кайрадан машыга баштадым. Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы менен Дене тарбия жана спорт агенттиги мага жана менин машыктыруучума ишенип, колдоо көрсөтүштү. Даярданыш үчүн шарт түзүп, ийгилик каалашты. Керемет Ысык-Көлдө беш ирет машыгуу жыйындарына барып, Рио олимпиадасы үчүн лицензиялык марафонго катышуу үчүн жөнөп калдым.

— Кыргызстандын курама командасында үч кыз-келин жана бир жигит Рио олимпиадасына жолдомо алдыңыздар. Сиздердин араңыздарда атаандаштык барбы?

— Албетте, күчтүү атаандаштык сезилет! Мен баарынан мыкты болгум келет. Курбуларым дагы мыктылардын катарында турсам дешет да.

— Мамлекет силерге машыгуу үчүн шарт түзүп, стипендия төлөп береби?

Олимпиада оюндарынын катышуучусу, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Руслан Царев: башында грек-рим күрөшүн олуттуу кабыл алган эмесмин
— Ооба, төлөп берет. Былтыр айына 15 миң сом стипендия төлөчү. Бул каражатка эптеп жашаса болот, бирок толук кандуу машыга албайсың. Бишкектеги батириме эле ушунча каражат төлөп турчумун.

Стипендиянын өлчөмү жыйынтыктарга жараша болот. Алар канчалык жогору болсо, акчаң да ошончолук көп болот. Жаракат алган учурда аны алып салган дагы учурлар болгон. Мага машыктыруучум жана бир туугандарым гана колдоо көрсөтүп турушкан. Олимпиада оюндарынын алдында стипендияны 45 миң сомго жогорулаткан. Ал каражаттын көбү дарылоо учурундагы карыздарды кайтарып бергенге жарады. 

— Рио олимпиада оюндарынан кийин карьераңызды улантасызбы?

— Эгер жаракаттарым көп болбосо, анда спорттук жашоомду улантам. Буга чейин "Алмаздуу лигага" катышып, дүйнө чемпиону болууун, Олимпиада оюндарында жеңүүнү кыялдангам. Анан эле жаракат алып, максаттарыма жетпей калдым. Ошон үчүн алдын ала божомолдоп айта албайм.

— Допинг, кызымта менен көйгөйлөрүңүз жокпу?

— Жок,б из тыюу салынган дары-дармектердин тизмегин карап, талдоого алып турабыз.

— Үй-бүлө курдуңузбу?

— Турмушка чыгып, бала-чакалуу болууга убактым болбой калды. 28 жашыман кийин үй-бүлө курайын деген тилегим бар.

— Прага шаарындагы марафонду 2 саат 40 мүнөттө чуркап өткөнүңүз үчүн Рио олимпиадасына жолдомо алдыңыз. Эми Риодо байгелүү орундарга жетүү үчүн жыйынтыкты дагы 15-20 мүнөткө жакшыртуу керекпи?

— Прагада ысык болгондуктан андан да ылдам чуркаганга батынган жокмун. Кудай жалгап, ысык өтпөй, марага жетип, жолдомо алдым. Рио-Де-Жанейродо мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм.

— Кээ бир таланттуу спортчуларды башка өлкөлөр чакырат эмеспи. Сизге дагы ушундай сунуштар түштү беле?

— Ооба, 2010-жылы мени Орусияга чакырып, жакшы айлык акы убада кылышкан. Бирок мен бул сунуштарга макул болгон жокмун, ал үчүн өкүнбөйм деле. Бул жер менин киндик кан тамган мекеним, менин ата-энем жана өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучуларым Виктор Борисов жана Татьяна Борисова жашаган жер. Мен Кыргызстанды сүйөм жана өз өлкөмдүн гана намысын коргойм! 

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0