Ысык-Көлдө эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековММА (Mixed Martial Arts) аралаш мушташ боюнча беттеш. Архив
ММА (Mixed Martial Arts) аралаш мушташ боюнча беттеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Чечен республикасынын мушкерлери катышат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде ММА (Mixed Martial Arts) аралаш мушташ боюнча эл аралык турнир өтө турганын Кыргызстанда World Ertaymash Federation (WEF) өнүктүрүү боюнча директор Сейтек Оморов билдирди.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Чечен республикасынын мушкерлери катышат.

Үстүбүздөгү жылдын 6-августунда Алыкул Осмонов атындагы кемеде мушкерлер таразага түшөт. Ал эми турнирдин өзү Каракол шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0