Рио-2016: ыр жазып, сүрөт тарткан балбан Айсулуу Тыныбекова: Олимпиадага даярмын!

© © SputnikЭркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова. Архив
Эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө тарыхында эркин күрөштөн олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы карлыгач Айсулуу Тыныбекова менен спорттук баяндамачы Кабыл Макешов маектешти. 23 жаштагы спортчу Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, балалыгы Кочкор районундагы Теңдик айылында өткөн. Айсулуу беш бир тууган: эки эжеси, агасы жана иниси бар.

Рио-де-Жанейро жайкы олимпиадалык оюндарында дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандык катышуучу Отар Бестаев - Sputnik Кыргызстан
РИО-2016: Дзюдочу Отар Бестаев: Кыргызстандын намысын аягына чейин коргойм
Ал алгач каратэ-до менен машыгып, 2008-жылы эркин күрөштү тандап алган. Эл аралык Гран-при турнирлеринин көп жолку жеңүүчүсү. Лондон олимпиадасына катышкан. Ал 2016-жылы Азия чемпиону аталды. Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиадасынын жана Азия оюндарынын коло медаль ээси. Быйыл Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде финалда жеңишке жетип, Рио олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Айсулуу учурда дүйнөлүк балбандардын рейтинг сыноосунда жети мыктынын бири. Анын ушундай ийгиликтерге жетүүсүнө зор салым кошкон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков. 

— Спортчу, анын ичинен балбан болушуңузду ата-энеңиз кандай кабыл алды эле?

— Менин ата-энем — дарыгер адамдар. Атам санитардык дарыгер болуп иштейт, апам болсо менден кийинки инимди төрөгөндөн кийин үй-тиричилиги менен алектенип калган. Атам дагы спорт, футбол күйөрманы, апам жаш кезинде волейбол, баскетболду мыкты ойночу экен. Ошондуктан алар менин спортту тандап алышыма каршы болбой, колдоо көрсөтүп келишет. 

— Анан спортко кантип келип калдыңыз?

— Балалык кезимен эле жүрөгүм спортко дилгир эле. Мен спортчу гана эмес, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге катышып, эл сыймыгы болсом деп кыялданып жүрчүмүн. Бала кезимдеги максаттар орундалып, тилегим кабыл болду. 

© Алина БлаговаӨлкө тарыхында эркин күрөштөн олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы карлыгач Айсулуу Тыныбекова
Чемпионат Кыргызстана по борьбе в Кара-Балте - Sputnik Кыргызстан
Өлкө тарыхында эркин күрөштөн олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы карлыгач Айсулуу Тыныбекова

Биз жашап жүргөн Теңдик айылында күрөш ийрими жок эле. Ошондой болсо дагы жан-дүйнөмо тынчтык бербеген албуут сезим менен өз алдымча машыга баштагам. Айылда спорт аянтчалары жана стадиондор жок болгонуна байланыштуу үй-бүлөбүз менен талаада чуркап, машыгаар элек. Бизде таң эртең менен чуркоо адат болуп калган. Мен 8- класска чейин баскетбол боюнча мектеп курама командасынын капитаны болгом.

— Алгач чыгыш өнөрү каратэ-до менен машыкканыңызды мурда айткан элеңиз, анан кандайча кыз-келиндер эркин күрөшү арбап алды? 

Олимпиядалык оюндардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарачу берендер. Рио олимпиадасына барчу Кыргызстандын курамы
— 9-класста райондун борбору Кочкор айылына барып, ал жерде карате-до боюнча ийрим бар экенин билип, чыгыш өнөрү менен машыктым. Бир жыл өткөндөн кийин кыз-келиндер эркин күрөшү да бар экенин угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечкем. Мен балдар менен ойноп, күрөшө берчүмүн. Мектепте окуп жүргөн учурда коомдук иштерге да активдүү катышып, спорттук мелдештердин демилгечиси болуп, жаным тынчу эмес. Байкем да мени колдоп, үйдө шарт болбой, күрөш килеми жок болгондуктан, матрацтарды жерге салып күрөшчүбүз. Байкем жана классташым менин чоң спортко болгон жолумду ачып, себепкер болушкан. Байкемден эркин күрөш ыкмаларын үйрөнүп, Нарын облусунун жеңүүчүсү болгом. Ошондон баштап эркин күрөшкө тагдырымды арнап, ысык-суугуна чыдап, бирде жеңип, бирде жеңилип келем.

— Кочкордо жүрсөңүз мындай ийгиликтер болбойт эле…

— Апам бизди эркиндикте тарбиялап, эч качан "жок" деп айтчу эмес эле. Биз кийинчерээк бир нерсе жасай турган ишти өз убагында кылбаганыбыз үчүн өкүнүп калбай, максаттарга жетүү керектигин айтып, шыктандырып турчу. Мен Нарын шаарындагы мелдештен үйгө келгенден кийин күрөш менен чындап машыгуу үчүн Бишкек шаарына барам дедим. Апам "кыз киши күрөшмөк беле, андай сөздү экинчи мага угузба" деп каршы болот го десем, ал мени колдоп Бишкек шаарына барып, машыгуу керектигин бышыктады. 

© AFP / JUNG YEON-JEАйсулуу Тыныбекова: байкем жана классташым менин чоң спортко болгон жолумду ачып, себепкер болушкан. Байкемден эркин күрөш ыкмаларын үйрөнүп, Нарын облусунун жеңүүчүсү болгом. Ошондон баштап эркин күрөшкө тагдырымды арнап, ысык-суугуна чыдап, бирде жеңип, бирде жеңилип келем
Чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова: байкем жана классташым менин чоң спортко болгон жолумду ачып, себепкер болушкан. Байкемден эркин күрөш ыкмаларын үйрөнүп, Нарын облусунун жеңүүчүсү болгом. Ошондон баштап эркин күрөшкө тагдырымды арнап, ысык-суугуна чыдап, бирде жеңип, бирде жеңилип келем

Ошол учурда республиканын чемпионатына бир жума убакыт калган эле, мен Кыргыз Улуттук университетке караштуу залда машыккам. Бул 2009-жылы биринчи жолку республикалык масштабдагы мелдешке катышып жаткан убакта болгон эле. Ал убакта мен экинчи орунду ээлеп, маанайым чөгүп, айылга кеткем болчумун. Кийинчерээк мени менен машыктыруучулар байланышып, Бишкекке чакырышкан.

— Белгилүү устат Нурбек Изабеков менен кандайча жолуңуз бир болуп калды?

Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер: мен спортко жөн эле бирөөнү бетке-көзгө койгулайын деп келген эмесмин
— Эркин күрөшкө болгон дилгирлигим жан-дүйнөмө тынчтык бербей, машыктыруучуларды карай баштадым. Эл аралык даражадагы машыктыруучу менен чеберчилигимди өстүрүүнү максат кылдым. Бир жылдай издөө жыйынтык берип, тагдыр өзүмдүн чыныгы устатым Нурбек агайды жолуктурду. Ал менин машыгып жатканымды көрүп, "биргелешип иштейли" деп сүйлөшүп, кеңешип алдык. 2010-жылдан бери бир туугандай болуп чогуу иштеп, ийгиликтерди четинен багынтып келе жатабыз.

— Спорттун ысык-суугун баштан кечирген айым катары кийин балдарыңызды да чоң спортко бересизби?

— Ооба, спорт деген таалим-тарбиянын чоң мектеби, адам катары калыптандыруунун турмуштук университети. Бирок эгер алардын каалоосу жок болсо, анда "мойнунан байлаган иш ууга жарабайт" дегендей убара болуунун зарылдыгы жок. Мен балдарымды спортко тарбиялоо жана ден соолугун чыңдоо, эл-журт намысына жарап, кыргыз туусун көтөрүү максаты менен берет элем. 

© AFP / JUNG YEON-JEАйсулуу Тыныбекова: Нурбек агай менен 2010-жылдан бери бир туугандай болуп чогуу иштеп, ийгиликтерди четинен багынтып келе жатабыз
Чемпионка Азии  по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова: Нурбек агай менен 2010-жылдан бери бир туугандай болуп чогуу иштеп, ийгиликтерди четинен багынтып келе жатабыз

— Рио олимпиада оюндарынын алдында катуу толкунданып жатасызбы?

лицензия алган жөө күлүк Юлия Андреева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстандын үмүтү — жөө күлүк Юлия Андреева
— Жок, толкунданган жокмун. Бул менин биринчи Олимпиадам эмес. 2012-жылы Лондон олимпиадасы учурунда 19 жашта болуп, анын үстүнө кыздарды сабады деген жалаа менен сот иштери жүдөтүп, даярдык чийки болуп, 7 килограммга арыктап, максатыма жетпей арманда калган элем. Ал окуяны эстегим да келбейт. Эгерде ошол кыздарды жигиттери менен кошуп туруп чындап сабай турган болсом, эки мүнөттө мунжу, майып кылып коет элем. Курбум экөөбүз аларга теңелбей, бизди шылдыңдаганына чыдасак да алар бизге өздөрү биринчи кол салып, урушту баштаган болчу. Анан догурунуп, соттон сотко сүйрөп, Лондон олимпиадасына даярдыгым үзгүлтүккө учураган. Бирок бул жолку Рио олимпиадасына жоопкерчиликтүү даярданып, тынган жокпуз. Мен үчүн Рио олимпидасы — чоң сыноо жана чоң жоопкерчилик. Кыргыз мамлекетинин намысын колдон чыгарбай, байгелүү орундарга жетсем деп тилек кылып турам. Атаандаштарымдын чама-чаркын, артыкчылык-кемчиликтерин дагы талдоого алып, мөрөй талашууга, күч сынашууга даярмын. 

— Сиз менен килем үстүндө мурда жолукпаган атаандаштар дагы барбы?

— Чынын айтсам, ушуга чейин менин деңгээлим атаандаштарыма караганда кичине төмөнүрөөк болчу, эки-үч жыл аралыгында мен өзүмдүн деңгээлимди, чеберчилигимди колдон келишинче жогорулата алдым. Кыргызда "чегирткеден корккон эгин экпейт" деген кеп бар эмеспи. 

— Рио олимпиадасына даярдыкты кайсы жерлерде, кандай өткөрдүңүз?

— Биз бул Олимпиада оюндарына даярданып жатканыбызга төрт жыл болду. Олимпиадага бир жыл даярдануу эч натыйжа бербейт. Ошондуктан төрт жыл аралыгында Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарына, лицензиялык турнирлерге жана эл аралык мелдештерге катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, дурус тажрыйба топтой алдым. Риого даярдык өз кезеги, ирети менен болду.

Акыркы машыгуу Каракол шаарындагы тоолуу жерлерде лыжа тебүү базасында өттү. Ал жер жайында салкын жана жаратылышы да спортчулар үчүн жагымдуу экен. 3-август күнү биз Рио-де-Жанейро шаарына барабыз, ал жакта дагы эки жума даярданууга кетет. Ал жактын дагы жаратылыш шартына көнүп, учурдагы тапты бузбай туруу зарыл. Кыз-келиндер эркин күрөш таймаштары 17-августта башталып, килем үстүндө тагдыр сыналат. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйсулуу Тыныбекова: биз бул Олимпиада оюндарына даярданып жатканыбызга төрт жыл болду. Олимпиадага бир жыл даярдануу эч натыйжа бербейт.
Вручение президент Алмазбек Атамбаев вручил спортсменам единовременные денежные премии и памятные подарки за достижения в спорте - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова: биз бул Олимпиада оюндарына даярданып жатканыбызга төрт жыл болду. Олимпиадага бир жыл даярдануу эч натыйжа бербейт.

— Спортчу үчүн бош убакыт табылбаган нерсе эмеспи. Антсе да күрөштөн тышкары эмне менен алек болосуз?

Риодо кыргыз спортчулары үчүн тигилген кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадалык форма: коомчулук менен спортчулардын пикири
— Мен көркөм адабиятка кызыгам. Бош убактымда китеп окуйм. Жакында эле кыз-келиндер эркин күрөш федерациябыздын вице-президенти Байгазы Кенжебаев агай мага залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын толук 8 томдук жыйнагын белек кылды. Учурда Айтматовдун "дүйнөсүнө" чөмүлүп турган убагым. Мындан сырткары өзүмдүн да анча мынча "чымыным" бар. Кубанганда же кайгырганда өзүм менен өзүм болуп, кагаз бетин чиймелеп, ыр жаза коем. Бирок ырларымды эч кимге көрсөтө элекмин, бул жөн гана хоббим. Анан сүрөт тартканга да кызыгам. Мындан тышкары, Нурбек агайым да сунуш кылган, спорттук психология тууралуу да китептерди окуп, күрөш учурунда өзүңдү токтоо, салмактуу кармоо үчүн психологиялык жактан дагы даярданып турам. 

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0