РИО-2016: Дзюдочу Отар Бестаев: Кыргызстандын намысын аягына чейин коргойм

© Фото / Нурпери СадырбековаРио-де-Жанейро жайкы олимпиадалык оюндарында дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандык катышуучу Отар Бестаев
Рио-де-Жанейро жайкы олимпиадалык оюндарында дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандык катышуучу Отар Бестаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рио-де-Жанейро жайкы олимпиадалык оюндарында дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын 6-августта биринчи болуп коргой турган дюздочу Отар Бестаев менен атайын спорттук баяндамачы Кабыл Макешов маектешти. Рио оюндары 5-21-августа Рио-де- Жанейро (Бразилия) шаарында өтөт.

Спортчу Россиянынын Владикавказ шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Түндүк-Осетин мамлекеттик университетине тапшырып, дене тарбия жана спорт факультетин аяктаган. Учурда ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинде сырттан окуйт. 

— Сиздин үй-бүлөнү спортчулардын династиясы деп айтып келишет?
— Ооба. Чоң аталарым балбан болушкан экен. Өз атам дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери болсо, апам жеңил атлетика боюнча спорт чеберлигине талапкер болгон. Мен дзюдо менен 3-класстан бери машыгам.

© AFP / JACK GUEZОтар Бестаев (ак кийимчен) дзюдо боюнча Астана шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта
Дзюдоист Отар Бестаев на чемпионате мира по дзюдо в Астане - Sputnik Кыргызстан
Отар Бестаев (ак кийимчен) дзюдо боюнча Астана шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта

— Алгачкы ийгиликтериңиз эсиңизден чыкпаса керек?
— Чынында эле биринчи жолку жеңишиңди эч качан унутпайсың. 10 жашымда алтын медаль алып, төбөм көккө жетип сүйүнгөм. Ата-энем да аябай ыраазы болуп, досторуна көрсөтүп, мактанышкан.

— Кыргызстанга биринчи жолу качан келдиңиз эле?
— 2014-жылы келгем. Бир жылдан кийин Кыргызстандын чемпионатына катышып, бул өлкөнүн намысын коргоого макул болуп, кыргыз жарандыгын кабыл алгам. Менин ушундай жолду тандашыма Дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабыловдун таасири чоң. 

Олимпиядалык оюндардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарачу берендер. Рио олимпиадасына барчу Кыргызстандын курамы
— Өлкө кандай таасир берди?
— Көп тажрыйба алдым. Менин чеберчилигим жогорулап, спорттогу ийгиликтерим артты. Көптөгөн жакшы улуу инсандар менен тааныштым, өнөктөш жигиттер дагы абдан жакшы кабыл алышты. Кыргызстандыктар меймандос жана кеңпейил, ачык маанай эл экен. Айрыкча жаратылышы, керемет Ысык-Көл мага абдан жакшы таасир калтырды. Элдин дасторкону кенен, тамак-ашы даамдуу экен. 

— Адамдын дзюдочу экенин кантип билсе болот?
— Анын колунун манжаларын карасаңыз эле дароо баарын түшүнөсүз, себеби манжалары аябай жаракат алганы байкалып турат.

— Олимпиадада беттеше турган атаандаштарыңызды билесизби?
— Мен Рио олимпиадасында 60 килограмм салмакта күрөшөм. Атаандаштарымдын баарын билем, айрымдары менен мурда күрөшкөм. Жеңген жана утулган учурларым болгон. Ошондуктан алардын күрөшкөн ыкмаларын талдоого алып, анализ кылып, олимпиада учурунда каталыктарды кетирбөө үчүн даярдык көрүп жатам.

— Машыгуу учурунда өзүңүзгө кандайдыр бир чектөөлөрдү коесузбу?
— Олимпиадалык таймаштарга саналуу күндөр калганда диета кармай баштайм. Табымдан жазбаш үчүн газдалган суу ичпей жана нан жебей турушум керек.

© Фото / федерация дзюдо КРОтар Бестаев: Спорттук карьерам бүткөнгө чейин чын дилимден Кыргызстандын намысын коргойм. Балким кийинки Токио олимпиадасында дагы Кыргызстандын атынан жолдомо жеңип алып, катышып калышым ажеп эмес
Участник Олимпиады-2016 кыргызстанский дзюдоист Отар Бестаев - Sputnik Кыргызстан
Отар Бестаев: Спорттук карьерам бүткөнгө чейин чын дилимден Кыргызстандын намысын коргойм. Балким кийинки Токио олимпиадасында дагы Кыргызстандын атынан жолдомо жеңип алып, катышып калышым ажеп эмес

— Рио олимпиадасы бүткөндөн кийин Кыргызстанда калып, өлкөнүн намысын коргой бересизби?
— Ооба, спорттук карьерам бүткөнгө чейин чын дилимден Кыргызстандын намысын коргойм. Балким кийинки Токио олимпиадасында дагы Кыргызстандын атынан жолдомо жеңип алып, катышып калышым ажеп эмес. 

— Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу кандай таасир калтырды?

Кыргызстандын улуттук курама командасын балбан Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Риого аттанчу Кыргызстандын улуттук курама командасын Арсен Эралиев жетектейт
— Рио олимпиадасы алдында президент бизди кабыл алып, жеңиштерге шыктандырды. Европа чемпионатында кичинекей Исландия футбол мекени аталган, атактуу Англияны утуп алганын мисалга келтирип, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга урмат-сый көрсөтүлүп, сыйлыктар берилерин убада кылды. Кыргыз туусу эки жүздөн ашуун өлкөнүн катарында көтөрүлүп, намысты колдон чыгарбай келишибизди каалап, жакшы тилектерин айтып узатты. 

— Кыздардын кандай сапаттарын баалайсыз?
— Көбүнчө мен юморду баалай билген тамашакөй бийкечтерди жактырам. 

— Башка улуттун кызына үйлөнсөңүз ушуга ата-энеңиз кандай карамак?
— Сүйүүдө улут жана ишеним жок, эгер мен кимдир бирөөнү сүйүп калсам, анда мени ал кыздан эч нерсе ажырата албайт. Ата-энем мени дайыма түшүнүп, колдойт.

— Кыргызстанда жашайын деген оюңуз жокпу?
— Ар бир адам өзүнүн туулган жеринде жашаганды артык көрөт. Туулган жердин топурагы алтын дешет эмеспи. Мага Кыргызстан абдан жагат, бирок ар бир адамдын өзүнүн туулуп-өскөн жери кымбат. Мен көптөгөн өлкөлөрдө болгом, бирок башка жерде туулган жеримдей, өз үйүмдөй ыңгайлуулукту сезе албадым.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0