Босфор кысыгынан сүзүп өткөн кыргызстандык коло байгеге ээ болду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСуудагы марафончу. Архив
Суудагы марафончу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар Босфор кысыгы аркылуу Азиядан Европага сүзүп өтүшү керек болчу. Анын узундугу 6,5 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Антон Крамаренко Босфор кысыгын сүзүп өтүү марафонунда (2016 Bosphorus Cross-continental Swimming Race) коло байгеге татыганы мелдештин расмий сайтында маалымдалды.

Олимпиядалык оюндардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарачу берендер. Рио олимпиадасына барчу Кыргызстандын курамы
Мелдеш дем алыш күнү Стамбулда болгон. Марафондун эрежесине ылайык, катышуучулар Босфор кысыгы аркылуу Азиядан Европага сүзүп өтүшү керек. Анын узундугу 6,5 чакырымды түзөт. 

Бул мелдеште Кыргызстандын намысын жети спортчу коргогон. Катышуучулардын жаш курагы 14төн 64кө чейин болгон.

Кыргызстандык Крамаренко үчүнчү болуп марага келген. Ал 6,5 чакырымды 54 мүнөт 11 секундда сүзүп өткөн.

Бул мелдеш 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жолку мелдешке 100дөн ашык мамлекеттен 1500 спортчу катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0