Кыргыз спортчуларынын Риого сапары: оюн учурундагы шарт, жагдайдын чоо-жайы

© REUTERS / Fabrizio BenschРио олимпиадасындагы волонтерлор. Архив
Рио олимпиадасындагы волонтерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайкы Олимпиадалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Олимпиадага аттана турган Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы, спортчуларга керектелген чыгымдар жана алардын мелдеш учурундагы жашоо-шарты кандай болмокчу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов айтып берди.

Үстүбүздөгү жылдын 5-21-август күндөрү Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан барган 19 спортчу күч сынашат. Ал эми аттанган жалпы делегациянын саны 47 кишини түзөт.

"Мен, Улуттук олимпиада оюндарынын президенти жана башкы катчыдан башкасынан баары Олимпиада айылында түнөшөт. Ал жакта тамак-ашы бекер. Биз баасы 2-3 миң доллар турган билеттерди, жана 100 миң сомду түзгөн параддык жана спорттук формалары алышыбыз керек. Бул баалар өзгөрүп кетиши мүмкүн", — деди Аманкулов.

Ал спортчулар сапар алдында президенттин кабылдамасында болоорун кошумчалап, 27-июльдан 3-августка чейин делегация мүчөлөрү Бишкек — Стамбул—Сан-Паулу — Рио аркылуу Бразилияга аттанаарын билдирди.

Бразилияда өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандык спортчулар 19 лицензия алды.

Грек-рим күрөшү:

  • Арсен Эралиев;
  • Мурат Рамонов;
  • Руслан Царев;
  • Жанарбек Кенжеев.

Эркин күрөш:

  • Магомед Мусаев;
  • Айаал Лазарев.
  • Аялдар күрөшү:
  • Айсулуу Тыныбекова.

Дзюдо:

  • Юрий Краковецкий; 
  • Отар Бестаев.

Оор атлетика:

  • Иззат Артыков;
  • Жаныл Окоева

Бокс:

  • Адылбек уулу Эркин.

Жеңил атлетика:

  • Юлия Архипова (Андреева); 
  • Мария Коробицкая; 
  • Дарья Маслова; 
  • Илья Тяпкин; 
  • Виктория Полюдина. 

Сууда сүзүү:

  • Дарья Таланова;
  • Денис Петрашов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0