Кыргызстандык жаш футболчулар Назарбаевдин кубогу үчүн ат салышат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБалдар футбол машыгуусунда. Архив
Балдар футбол машыгуусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогузунчу ирет өтүп жаткан мелдеш Шымкент шаарында өтүп, ага сегиз команда катышат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары (17 жашка чейинкилер) Казакстандын президентинин кубогу үчүн ат салышат. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.

Тогузунчу ирет өтүп жаткан мелдеш 7-13-август күндөрү Шымкент шаарында болуп, анда Кыргызстан, Иран, Россия, Азербайжан, Албания,Тажикистан командалары жана Казакстандын эки тобу күч сынашат.

Былтыркы ирет өткөн турнирде Испаниянын курама командасы жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0