Россиянын футбол боюнча курама командасын таратуу үчүн 900 миң добуш топтолду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүРоссиянын футбол боюнча курама командасы. Архив
Россиянын  футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жума мурда интернет колдонуучулардын бирөө Россиянын курама командасын таркатуу боюнча петиция түзгөн.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россиянын курама командасын таркатуу боюнча change.org сайтына жайгаштырылган петиция 900 миңден ашык добуш топтой алды.

Футболчу Криштиану Ронолдуну Евро-2016 чемпионатынын финалдык беттешинде - Sputnik Кыргызстан
Роналду менен шайтан көпөлөк. Оюнчуну жарааты жашыттыбы же көпөлөк себепкер болдубу?
Слуцкий машыктырган Россиянын курама командасы Францияда болгон футбол боюнча Европа чемпионатында өз тайпасында акыркы орунду алган. Россиялыктар англиялыктар менен болгон оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан. Словакиялыктарга 1:2 эсебинде утулган, уэльстиктерге 0:3 эсебинде жеңилген.

Тайпалык оюндар аяктагандан кийин Слуцкий өлкөнүн курама командасын башка адис даярдашы керектигин айткан. 25-июнда Россиянын спорт министри Виталий Мутко Слуцкий командадан кете турганын билдирген.

Петициячылар азыркы курама команданы үмүттү актай алган жок деп таратуу керектигин жазат.

"Жаңы курамды түзүү керек. "Үнөмөлгөн" каражатка футбол аянтчаларын куруп, жаш муун менен машыгууларды өткөрүү керек", — дейт өзүн Артем Хасанов деп атаган автор.

Жаңылыктар түрмөгү
0