КРдин футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Майер голландиялык клубга өттү

© пресс-служба ФФРККыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Виктор Майер. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Виктор  Майер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нидерланддардын футбол боюнча чемпионатынын биринчи дивизионунун катышуучусу жаңы сезондо өзүнүн курамын бекемдей турган болду.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Майер голландиялык клубга өттү деп билдирди КРдин Футбол федерациясы.

Буга чейин немистердин "Меппен" клубунда ойногон.

"Кыргызстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Виктор Майер Нидерланддардын  "Эммен"  футболдук клубу менен келишимге кол койду",— деп айтылат билдирүүдө.

"Эммен" — Эммен шаарынын кесипкөй футболдук клубу. 

Нидерланддар 2015-2016-жылдын футбол сезонундагы биринчи дивизионунда алар жетинчи орунду камсыз кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0