Рио-2016: Кыргызстандын башкы үмүтү — балбан Арсен Эралиев

© Фото / Кабыл МакешовГрек-римс балбаны Арсен Эралиев. Архив
Грек-римс балбаны Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадалык оюндардын башталышына саналуу гана күндөр калды. Дүйнө калкы Бразилияда өтчү оюндарга кулак төшөп турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги абройлуу мелдеште Кыргызстандын намысын талаша турган 17 спортчу менен четинен тааныштырууну улантат.

Спорт журналисти Кабыл Макешов балбандардан биринчилерден болуп лицензия уткан Арсен Эралиевдин тарых-таржымакалын окурман журтчулугуна сунуштайт.

Бардык жоопкерчилик Арсендин моюнунда

Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер: мен спортко жөн эле бирөөнү бетке-көзгө койгулайын деп келген эмесмин
Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Арсен Эралиев 1990-жылы 15-майда Талас обулусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. Бул айылды балбандардын ордосу десек жарашат. Себеби ушул айылдан Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев, уландар, жаштар арасында Азия чемпиондору Замир Бейшебеков, Абдулазиз Ашымбек уулу, Эржан Асанбек уулу баштаган ондогон балбандар чыккан. Көп жаштар Канатбек менен Арсенди үлгү, өрнөк тутуп, ушул агаларындай болуп, грек-рим күрөшү менен машыгып келүүдө. Арсен үйдөгү 5 бир туугандын эң улуусу.

Арсенди таптаган устаттары

Арсен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери. Алгачкы ирет грек-рим күрөшүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, бул күрөшкө жатыктырган устаты — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Камбар Исмаилов болгон. 

Арсенди эл аралык аренага таанытып, ийгиликтерге жетүүсүнө жол ачып таптаган учурдагы устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов. 

© AP Photo / Paul SancyaБорец греко-римского стиля Арсен Эралиев
Борец греко-римского стиля Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
Борец греко-римского стиля Арсен Эралиев

Балбандын байге уткан көз ирмемдери…

2006-жылы Таиланддын борбору Бангкок шаарында Азиянын уландар арасында чемпион болуп, бул чоң спорттогу ийгиликтеринин башаты болду. 2007-жылы Филиппиндер өлкөсүндө өткөн мелдеште Азия чемпиондугун уткан. 2007-жылы Бээжин шаарында жаштар арасында дүйнө биринчилигинде коло байге тагынган. Ал эми 2008-жылы Стамбул шаарында жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген.

2011-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында финалдык беттешүүдө өзбекстандык Элдар Хафисовду 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиондугун багынткан. Ушундай эле ийгилигин 2012-жылы Польшанын Рада шаарында кайталаган.

2012-жылы Финляндиянын борбору Хельсинкиде грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык жолдомо турниринде экинчи орунду ээлеп, Лондон олимпиадасынын жолдомосуна ээ болуп, бирок 11-орунду алган.

2013-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган.

2014-жылы Астана шаарында өткөн эл аралык Гран-при турниринде баш байгени утуп, алтын медаль тагынган. Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген. 

Ал КР спортчуларынын арасынан Рио-де-Жанейро олимпиадасына алгачкы жолдомого 2015-жылы АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунду камсыз кылып ээ болгон.

Лондон олимпиадасы чоң сабак болду

лицензия алган жөө күлүк Юлия Андреева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстандын үмүтү — жөө күлүк Юлия Андреева
2012-жылы Лондондо олимпиадага биринчи жолу катышты. Бээжин Олимпиадасындагы Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин ийгилигинен кийин да медаль утсам деген тилегине жеткен эмес. Жалпысынан Олимпиада ага чоң сабак болду. Риого даярдык көрүү үчүн Армениянын балбандары менен чогуу машыгуу өткөрүп келди. Жакында эле Польшадагы эл аралык турнирге катышып, коло байге утуп алды. Эми акыркы машыгуусун Түштүк Кореяда өткөрүү үчүн ошол жакка аттанып жатат.

Арсендин Риодогу негизги атандаштары

Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча 59 кг салмактагы Рио олимпиадасындагы негизги атаандаштары тууралуу дагы учкай маалымат берели. 

1. Мингиян Семёнов (Орусия)

  • Олимпиаданын коло медалынын ээси (Лондон 2012)
  • Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Ташкент 2014)
  • Европанын чемпиону (Рига 2016)
  • Дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат (2016)

2. Иво Ангелов (Болгария)

  • Дүйнө чемпиону (Будапешт 2013)
  • Европа чемпиону (Тблиси 2013)
  • Дүйнөлүк рейтингде 2-орунда (2016)

3. Эльмурат Тасмурадов (Өзбекистан)

  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Ташкент 2014)
  • Азиянын 3 жолку чемпиону (Дели 2013, Астана 2014, Доха 2015)

4. Эльман Мухтаров (Азербайжан)

  • Европанын кадеттер арасында чемпиону (Зренянин 2009)
  • Жаштар арасында олимпиаданын чемпиону (Сингапур 2010)
  • Европа оюндарынын коло медалынын ээси (Баку 2015)

5. Вон Чол Юн (Түндүк Корея)

  • Дүйнө чемпиону (Будапешт 2013)
  • Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (Инчхон 2014)
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Доха 2015)

6. Тарик Белмадани (Франция)

  • Европа оюндарынын коло медалынын ээси (Баку 2015)
  • Франциянын 3 жолку чемпиону (Париж 2015)
  • Дүйнөлүк рейтингде 8-орунда (2016)

7. Хамид Сориан (Иран)

  • Олимпиаданын чемпиону (Лондон 2012)
  • Дүйнөнүн 6 жолку чемпиону (Ташкент 2014)
  • Дүйнө Кубогунун күмүш медалынын ээси (Саранск 2012)
  • Азиянын 2 жолку чемпиону (Бишкек 2007, Еджу 2008)

Жердештерибиз Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдей болуп, балким Арсен да Рио олимпиадасында байгелүү орундарга жетип, кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актайт деп ишеним артып туралы. Ийгилик, жеңиш каалайбыз сага, Арсен!

Жаңылыктар түрмөгү
0