"Азия балдары" спорт оюндарында Кыргызстан алгачкы алтынга ээ болду

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүЯкутияда өтүп жаткан "Азия балдары-2016" эл аралык спорт оюндарында кыргызстандык спортчулар. Архив
Якутияда өтүп жаткан Азия балдары-2016 эл аралык спорт оюндарында кыргызстандык спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Саха республикасында эл аралык спорт оюндары өтүп, ага Кыргызстандан 90 спортчу катышууда.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Якутияда өтүп жаткан "Азия балдары-2016" эл аралык спорт оюндарында кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, сууда сүзүү боюнча турнирде жалпысынан медалдардын беш комплектиси ойнотулду. 200 метрлик брасс түрүнөн Петрашов биринчи орунду ээлесе, күмүш медалды россиялык спортчу, ал эми колону Вьетнамдын спортчусу алды.

Эскерте кетсек, учурда Саха республикасында эл аралык спорт оюндары өтүп, ага Кыргызстандан 90 спортчу катышууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0