Евро-2016: Португалия финалга чыкты

© REUTERS / Carl RecineПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду оюнда
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду оюнда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир айга созулган чемпионаттын жыйынтыктоочу беттешүүсү 10-июль күнү "Стад де Франс" стадионунда өтөт.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгүндө Уэльс менен беттешкен Португалиянын футбол боюнча курама командасы жеңишке жетишип, финалга чыкты. 

Франциянын курама командасы чейрек финалда исландиялыктар менен - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: француздар Исландияны ат чабым артта калтырды
Эскерте кетсек, оюн кечээ Франциянын Лион шаарындагы стадиондо өттү. Алгач эки команда бири-бирине байкоо салып, биринчи таймда эсеп ачылган жок. Экинчи бөлүктө Криштиану Роналдунун башы менен киргизген тобу, андан кийин Нанинин киргизген голу португалиялыктар үчүн финалга жол ачты.

Бүгүн, 7-июль күнү жарым финалдык беттеште француздар менен немистер күч сынашып, финалда ойной турган команда аныкталат. Бир айга созулган чемпионаттын жыйынтыктоочу беттешүүсү 10-июль күнү "Стад де Франс" стадионунда өтөт.

Евро-2016 биринчилигиндеги көз күйдүргөн күйөрман кыздарды Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0