ЖМК: Месси Аргентина командасынын курамында калмай болду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчу Лионель Месси. Архив
Футболчу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Месси менен дүйнөнүн үч чемпионатында чогуу ойногон кесиптеши футболчу сүйлөшүп, анын бир азга тыным аларын жар салды.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Лионель Месси Аргентинанын футбол боюнча курама командасынан кетүү оюнан баш тартты. Бул тууралуу La Nacion басылмасына таянып Р-Спорт билдирди.

Франциянын курама командасы чейрек финалда исландиялыктар менен - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: француздар Исландияны ат чабым артта калтырды
Эскерте кетсек, 26-июнь күнү аргентиналыктар Америка кубогу үчүн болгон беттешүүдө пенальтиден Чили футболчуларына алдырып коюшкан. Ошондон кийин "алтын топтун" беш жолку ээси болгон Месси улуттук курамадагы карьерасы аяктаганын жар салып, командадан кетерин айткан.

Басылманын айтымында, Месси менен дүйнөнүн үч чемпионатында чогуу ойногон кесиптеши футболчу менен сүйлөшүп, анын бир азга тыным аларын жар салды. Башкача айтканда, Месси 2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. 

Буга чейин Месси менен Аргентинанын президенти Маурисио Макри өзү байланышып, анын командадан кетпөөсүн өтүнгөн. Ушундай эле өтүнүч менен дүйнөлүк футболчу Диего Марадона да кайрылган. Ал эми күйөрмандары социалдык тармактан атайын акция уюштуруп, сүйүктүү футболчунун команда курамында калуусун өтүнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0