Жаш футболчулар "Азия балдары" эл аралык оюндарына барат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол тобун кармаган бала. Архив
Футбол тобун кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири мелдеште спортчулар спорттун 22 түрү боюнча ат салышат. Турнирге Кыргызстандан 90 спортчу бармай болду.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Футбол боюнча өспүрүмдөрдүн курама командасы (U-16) "Азия балдары" VI эл аралык оюндарына катыша турганын Футбол федерациясы билдирди.

Исландиянын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев исландиялык кесиптешин футбол командасынын жеңиши менен куттуктады
Маалыматка ылайык, ири мелдеш 6-7-июль күндөрү Якутскиде өтөт. Быйыл оюндарга 38 өлкөдөн 3,5 миң катышуучунун келиши күтүлүп жатат.

Оюндардын алкагындагы футбол боюнча мелдеште беш команда — Ыраакы Чыгыш федералдык округу, Япония, Кыргызстан, Саха Республикасы жана Сибирь федералдык округунун футболчулары күч сынашат. Регламентке ылайык, оюндар айлампа системасы менен өтөт. 

Кыргызстандын атынан 136 киши барса, анын 90у — спортчулар. Алар эркин жана кыздар арасындагы күрөш, жеңил атлетика, көркөм гимнастика, ок атуу, сууда сүзүү, таэквандо, футбол, бокс, шахмат, стол тенниси, таяк тартыш, күрөш боюнча күч сынашмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0