Көчмөндөр оюндарынын калыстарын адилеттүү болууга чакырышты

© Sputnik / Табылды КадырбековСалбурун оюну учурунда. Архив
Салбурун оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн эксперттик тобу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгын көрдү.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган Көчмөндөр оюндарынын калыстарын адилеттүү болууга чакырышты. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциянын маалымат кызматы билдирди.

Салбурундагы катышуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына келчү чет элдик спортчулардын чыгымына 48 млн. сом бөлүнөт
Эскерте кетсек, аталган облуста Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн эксперттик тобу жыйын өткөрүп, оюндарга көрүлүп жаткан даярдык менен таанышты.

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султанбаев даярдык иштери жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгиледи. Ал калыстар тобунун иши чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

"Калыстардын иши абдан маанилүү болуп саналат. Объективдүү жана калыс баа берүүгө негизделген спорттун эрежелерин бекем карманышыбыз керек", — деди ал.

Жолугушуудан тышкары атайы калыстар үчүн эки күндүк семинар болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0