Мессинин пенальтиден жаза кеткен тобу Чилиге Америка Кубогун алып келди

© REUTERS / Adam HungerАргентинанын капитаны Лионель Месси.
Аргентинанын капитаны Лионель Месси. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда өткөн финалдык оюнда Аргентина Чили командасына пенальтиден утулуп калды.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Чили курама командасы финалда Аргентинаны утуп, футбол боюнча Америка Кубогун жеңип алды. 

Футбол стадиону - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: Сариев — Португалия, Турсунбеков — Германия. Кыйындар кимди сүрөйт?
Турнирдин финалдык беттеши АКШда өтүп, командалар негизги жана кошумча убакытта гол киргизе алышкан жок. 

Бүйүр кызыткан финалдык оюндун тагдыры пенальти менен Чили командасынын пайдасына чечилди (4:2). Аргентинанын жолу болбой, капитан Лионель Месси менен жарым коргоочу Лукас Бильи пенальтиден жаза тайып, тепкен тобу тескери кетти. 

Чили курама командасы ушуну менен аталган кубокту экинчи ирет жеңип алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0