Евро-2016: Сариев — Португалия, Турсунбеков — Германия. Кыйындар кимди сүрөйт?

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол стадиону
Футбол стадиону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүйүр кызыткан Евро-2016 биринчилигинин тайпалык оюндары аяктап, 1/8 финал башталуу алдында турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу инсандар кайсыл командаларга жан тартарына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Быйылкы жайдын өзгөчө окуясы катары Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатын атоого болот. Дал ушул футбол майрамы үчүн миллиондогон күйөрмандар уйкусуз таң атырууда. Алардын катарында кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрү да бар экени талашсыз. 

Учурда турнирдин тайпалык оюндары аяктап, плей-оффко 16 команда суурулуп чыкты:   

  • Швейцария — Польша;
  • Уэльс — Түндүк Ирландия;
  • Хорватия — Португалия;
  • Франция — Ирландия;
  • Германия — Словакия;
  • Венгрия — Бельгия;
  • Италия — Испания;
  • Англия — Исландия;

Электен мыктылар өтүп, кимдин ким менен беттешери белгилүү болуп калды. Бул көрүнүш турнирдин кызып жатканынан кабар берет. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу инсандар кайсыл команда үчүн күйүп-бышып жатканына кызыгып көрдү. 

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГермания курамасынын оюнчулары кезектеги гол үчүн кубанып турган учуру. Евро-2016 биринчилигинин алкагында Германия күчтүү командалардын сап башында турат
Футбол. Чемпионат Европы — 2016. Матч Северная Ирландия — Германия - Sputnik Кыргызстан
Германия курамасынын оюнчулары кезектеги гол үчүн кубанып турган учуру. Евро-2016 биринчилигинин алкагында Германия күчтүү командалардын сап башында турат

ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков — Германия

"Мага Германия курамасынын футболчуларынын ойногону жагат. Бул командага мурунтан бери эле күйөрмандык кылып келем. Менимче быйыл немистер алтын тагынса керек", — деди Турсунбеков. 

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАтактуу Роналдунун таамай соккусу
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
Атактуу Роналдунун таамай соккусу

Экс-өкмөт башчы Темир Сариев — Россия жана Португалия

"Мен башында Россияга жан тартып жаткам. Бирок алар ойногонду үйрөнө элек экенин далилдеп коюшту. Ал эми учурда Венгрия, Хорватия, Ирландия мыкты оюн көрсөтүүдө. Анткен менен Германия жана Франция биринчиликти талашчудай болуп турат. Мындан сырткары, уулум экөөбүз Португалияга да күйөрмандык кылып жатабыз. Уулум Роналдунун анык күйөрманы", — деди Сариев. 

© REUTERS / Christian HartmannАнглия командасынын оюнчусу Старридждин кубанычы. Евро-2016 биринчилигиндеги Англия менен Уэльстин беттешүүсү
Футбол. Чемпионат Европы — 2016. Матч Англия — Уэльс - Sputnik Кыргызстан
Англия командасынын оюнчусу Старридждин кубанычы. Евро-2016 биринчилигиндеги Англия менен Уэльстин беттешүүсү

ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева — Англия

"Мен Кыргызстандын курамасына жан тартам (күлүп). Буюрса Кыргызстан да дүйнөлүк биринчиликтерге катышып калат. Ал эми азыр Англия командасына жан тартып жатам. Англияда билим алгандыктан, аларга жакыныраакмын", — деди депутат. 

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүИталиянын оюнчусу Антонио Кандрева Бельгия менен ойноп жаткан учуру
Футбол. Чемпионат Европы — 2016. Матч Бельгия — Италия - Sputnik Кыргызстан
Италиянын оюнчусу Антонио Кандрева Бельгия менен ойноп жаткан учуру

ЖК депутаты Жанар Акаев — Италия

"Мен Италия командасын колдойм. Буюрса, жакшы ойноп жатышат", — деди Акаев. 

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү21 катар сандуу Испаниянын оюнчусу Давид Сильва
Футбол. Чемпионат Европы — 2016. Матч Испания — Турция - Sputnik Кыргызстан
21 катар сандуу Испаниянын оюнчусу Давид Сильва

КР эмгек сиңирген артисти Динара Акулова — Испания

"Мен убактымдын тардыгынан улам бардык беттештерди көргөнгө жетишпей калып жатам. Бирок, испандар мыкты оюн көргөзүүдө. Ошолор эле жеңишке жетет го", — деди Акулова. 

© AFP / ATTILA KISBENEDEK"Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу жана Хорватия командасынын капитаны Лука Модрич
Полузащитник ФК Реал Мадрид и капитан сборной Хорватии Лука Модрич - Sputnik Кыргызстан
"Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу жана Хорватия командасынын капитаны Лука Модрич

Журналист, НТС телеканалынын комментатору Айбек Бийбосунов — Хорватия жана Испания 

"Евро-2016да Хорватиянын оюнчулары алдына ат салдырбай жатышат. Ишенген оюнчусу Модричтин жаратына карабай испандарды утуп алышты. Азыркыдай жүрүшү менен жок дегенде жарым финалга чыгат. Мындан сырткары, испандарга да жан тартып турам. Анткени ал жакта сүйүктүү командам "Барсанын" оюнчулары бар", — деди Бийбосунов. 

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЕвро-2016: Франция менен Румыния командаларынын беттешүүсү
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Франция - Румыния - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: Франция менен Румыния командаларынын беттешүүсү

Бийчи жана продюссер Атай Өмүрзаков — Франция

"Мен Францияга жан тартып жатам. Анткени аларда күчтүү оюнчулар ойноп жатышат. Мындан сырткары, Роналду мыкты оюн көрсөтсө жакшы болот эле. Анткени Месси Америка биринчилигинде күчтүү оюнчу экенин далилдеп жатат", — деди Өмүрзаков. 

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПортугалиянын Роналду баштаган оюнчулары күйөрмандарына ыраазычылык билдирип турган чагы
Футбол. Чемпионат Европы — 2016. Матч Португалия — Австрия - Sputnik Кыргызстан
Португалиянын Роналду баштаган оюнчулары күйөрмандарына ыраазычылык билдирип турган чагы

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов — Португалия

"Евро-2016ны көрүп жатам. Беттештер абдан кызыктуу өтүп жатат. Португалияга жан үрөөдөмүн. Алар алтын тагынбаса да мыкты оюн көрсөтсө жетиштүү болот. Оюнчулардан Роналдуну баса белгилеп кетпесем болбойт. Ал командасын алдыга сүрөп баратат", — деди Ибраимов. 

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБашкы машыктыруусу Антонио Конте баштаган Италия оюнчулары Евро-2016нын 1/8 финалына чыккан мезгили
Футбол. Чемпионат Европы — 2016. Матч Италия — Швеция - Sputnik Кыргызстан
Башкы машыктыруусу Антонио Конте баштаган Италия оюнчулары Евро-2016нын 1/8 финалына чыккан мезгили

КРдин футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов — Италия

"Мен бала кезимден бери Италия курамасына күйөрмандык кылып келем. Испандар менен боло турчу беттеште жеңип чыгууга 50 пайыздык мүмкүнчүлүгү бар", — деди Султанов. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Германиянын курама командасына күйөрмандык кыла турганын анын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

"Премьер-министр Германиянын командасын сүрөөнгө ала турганын айтт. Азыр убактысы тар болгондуктан команданын оюндарынын жыйынтыгын маалыматтардан окуйт. Эгер беттештер бош убактысына туш келип кала турган болсо көрүүгө аракет кылат", — дейт ал.

Чемпионат 10-июлдан аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0