Кыргызстандын мушкерлери Олимпиадалык лицензиядан куру жалак калышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчулар таймаш учурунда. Архив
Боксчулар таймаш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бокс боюнча өлкөнүн курама тобунан дүйнөлүк мелдешке бир эле спортчу бармай болду.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бокс боюнча Кыргызстандын курама тобу Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага лицензия ала албай калды. 

Бакуда өткөн (Азербайжан) лицензиялык турнирдин жыйынтыктары бокс боюнча эл аралык ассоциациянын расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстандык сегиз боксчу, анын ичинде Азиянын чемпиону Азат Үсөналиев баш болуп 16-25-июнь аралыгында өткөн турнирдеги биринчи беттеште жеңилип калышты. 

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аманкулов: балбан Эралиев допинг менен кармалды, бирок лицензиясы алынбайт
Тогузунчу боксчу Эрмек Сакенов француз спортчусу Хассан Амзилеге жеңилип берип чейрек финалга чыкпай калган. 

Лицензияга ээ болуу үчүн спортчулар өз салмак категориясында алдыңкы үч сапка илинүүлөрү керек эле. 

Рио-де-Жанейродо өтө турган бокс боюнча Олимпиадага Кыргызстандын атынан Эркин Адылбек уулу гана бара турган болду. Ал Кытайда өткөн Азия лицензиялык турниринде 81 килограмм салмактагы спортчулар арасында алдыңкы үч орунга илинген. 

Азербайжандын борборунда өтүп жаткан турнир Олимпиадалык оюндардын алдындагы акыркы турнир болуп эсептелет. Анда 10 түрлүү салмактык категорияда 39 жолдомо ойнотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0