Депутаттар Олимпиадага катышчу спортчуларга бата бермей болушту

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүСочидеги кышкы олимиадалык оюндарынын ачылыш аземи. Архив
Сочидеги кышкы олимиадалык оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган демилгени эл өкүлү Таалайбек Масабиров көтөрүп чыкты.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиадага жолдомо алган спортчуларга бата берип, ийгилик каалап коюшу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Таалайбек Масбиров парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, Кыргызстандын капчыгында Олимпиадага 17 жолдомо бар. 

"Маселени буга чейин кесиптешим Мыктыбек Абдылдаев да айткан. Олимпиадага жолдомо алган спортчуларды парламентке чакырып, ой-пикирин угалы. Даярдыгы кандай өтүп жатканынан кабар алалы. Аларга бата берип, ийгилик каалап койсок жакшы болот эле", — деди Масабиров. 

Депутат спортчуларга үмүт артып жатканын, жеңиш менен кайтарына ишенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0