Антонина Шевченко дүйнө чемпиондугу үчүн француз мушкер менен күч сынашат

© Фото / федерация тайского бокса КРКыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко тренери менен. Архив
Кыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко тренери менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкер кыздын беттешүүсү АКШда өтө турган турнирдин маанилүү окуясы болмокчу.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко франциялык мушкер Аннабель Гелли менен Lion Fight турниринин алкагында дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышат. Бул тууралуу тернирдин сайтына жарыяланды.

Мушташтын аралаш түрү боюнча Lion Fight 30 аттуу эл аралык мелдеш 8-июль күнү Машантукет шаарында өтөт (АКШ, Коннектикут штаты).

"Антонина менен Аннабель кыз-келиндер арасындагы эң мыкты мушкерлер экени талашсыз. Биздин курам ушундай таланттуу спортчулар менен толукталып жатканына чексиз кубанычтабыз", — деп турат сайтта.

Кыргызстандык Антонина Шевченко быйылкы жылдын эсеби менен майда Швецияда өткөн IFMA World Muaythai Championship версиясы боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0