Роналду Forbes тизмесинин сап башына чыккан алгачкы футболчу болду

© AFP / JAVIER SORIANO Мадриддин "Реал" командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив
Мадриддин Реал командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми россиялык теннисчи Мария Шарапова 21,9 миллион доллар киреше таап, 88чи орунга татыган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мадриддин "Реал" командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Forbes тизмесиндеги эң көп киреше алган спортчулардын сап башына чыккан алгачкы футболчу болду. Бул тууралуу басылма өз сайтына жазып чыкты. 

Россиялык теннисчи Мария Шарапова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атагы аалам жарган спортчулар. ESPN каналынын тизмеси
Роналду өткөн жылы 88 миллион доллар киреше тапкан. Ал мындай акчага "Реал" клубунан айлык катары жана жарнамага тартылуунун арты менен ээ болгон. 

Жеке спорт боюнча швейцариялык теннисчи Роджер Федерер 67,8 миллион доллар каражат таап, тизмектен төртүнчү орунду алган. 

Ал эми россиялык теннисчи Мария Шарапова 21,9 миллион доллар таап, 88-орунга татыган. 

Эң бай делген 10 спортчунун тизмеси төмөнкүчө:

  1. Криштиану Роналду (футбол) — 88 млн,
  2. Лионель Месси (футбол) — 81,4 млн,
  3. Леброн Жеймс (баскетбол) — 77,2 млн,
  4. Роджер Федерер (теннис) — 67,8 млн,
  5. Кевин Дюрант (баскетбол) — 56,2 млн,
  6. Новак Джокович (теннис) — 55,8 млн,
  7. Кэмерон Ньютон (америка футболу) — 53,1 млн,
  8. Фил Микельсон (гольф) — 52,9 млн,
  9. Джордан Спит (гольф) — 52,8 млн,
  10. Кобе Брайант (баскетбол) — 50 млн.
Жаңылыктар түрмөгү
0