Июлда жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЧуркоо үчүн бүт-кийим. Архив
Чуркоо үчүн бүт-кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары, өспүрүм курактагы балдар өлкө биринчилиги үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Июль айында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтө турганын аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Мелдеш Бишкек шаарында 9-10-июль күндөрү өтөт. Ага 18 жаштан жогорку курактагы жөө күлүктөр катыша алат. Ошол эле күндөрү 13-16 жаштагы өспүрүм балдар-кыздар да күч сынашат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана баалуу байгелер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0