Айыл жаштарынын спартакиадасын Ош облусу жеңип алды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекКубоктор. Архив
Кубоктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук иш-чара 29-майда башталып беш күнгө созулду. Анда Кыргызстандын айылдарынан чыккан жаштар спорттун жети түрү боюнча ат салышты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өткөн элет жаштарынын "Дени сак улут — өнүккөн өлкө" аттуу республикалык спартакиадасында Ош облусунун жаштары жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Эскерте кетсек, иш-чара 29-майда башталган. Анда Кыргызстандын айылдарынан чыккан жаштар спорттун жети түрү — ордо, кыргыз күрөш, кол күрөш, тогуз коргоол, футбол, волейбол жана жеңил атлетика боюнча күч сынашты. 

"Командалык эсепте биринчи орунду Ош облусу алса, экинчи орунга Талас, ал эми үчүнчү байгелүү орунга Ысык-Көл облусу ээ болду", — деди Макешов.

Спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана салтанаттуу жабылышы бүгүн, 2-июнда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0